Жөө жүрүш "Россия" кинотеатрынын алдынан башталып, этно-фестивалга катышып жаткан өлкөлөрдүн улуттук ырлары жаңырды. Балдар Чыңгыз Айтматовдун эстелигине чейин ырдап келип, андан соң жазуучунун эстелигине гүл коюшту.
"Балажан" эстетикалык тарбиялоо окуу-методикалык борборунун жетекчиси Дария Мусинанын айтымында, бул жылы этно-фестиваль Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган.
"Иш-чара ушуну менен тогузунчу жолу өткөрүлүп, ага 600 бала катышууда. Алар "Айтматов ааламы", "Улуттук маданият күнү", "Элдик аспаптар күнү", "Талант-Шоу" жана "Алтын үндүүлөрдүн күнү" сыяктуу сынактарда ат салышат. Мындан тышкары, 47 бала Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу сынагына катышат", — деди Мусина.
Этно-фестиваль 20-июлга чейин уланат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган фестивалдын медиа өнөктөшү болуп эсептелет.