БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ош шаарында өрт чыгып, эки кыз каза болгон мейманканадан илбирс менен карышкырдын терилери табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Учурда мейманкананын ээси чакыртылып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
"Мейманкананын кире беришинде илинип турган илбирс менен карышкырдын териси жана эликтин катырылган башы алынды. Буюмдар өтө эски абалда болгон. Учурда булардын кайдан алынгандыгы иликтенүүдө. Аталган мейманкананын администраторунун айтуусуна караганда, мындан көп жыл мурда күйөөсү кайсы бир жактан алып келген. Ал жолдошу былтыр каза болгон экен", — деп айтылат маалыматта.
2018-жылдын апрель айында да ушул жерден өрт чыгып, анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкандардын экөө терезеден кулап кеткен. Алардын бири эркек киши, экинчиси 25-30 жаштагы аял экени белгилүү болгон. Кийин аял алган жараатынан каза тапкан.
Милициянын билдиришинче, ушул мейманкананын администраторлоруна карата 2018-жылдын аралыгында эле "Сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштуруу" беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, аталган жай жабылган. Акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат көрсөтүп жаткан.