БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Талас шаарында кудук казып жаткан 42 жаштагы тургунду топурак басып калып көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык 21-январь күнү Огомбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде саат 11.30дар чамасында болду.
Жерине барган ӨКМ куткаруучулары чуңкурдан жарандын сөөгүн алып чыгып, жакындарына өткөрүп берген.