БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Бишкекке Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Рухани келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБишкекке Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Рухани келди
![Ирандын президенти Хасан Рухани Кыргызстанга келди Ирандын президенти Хасан Рухани Кыргызстанга келди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104468/77/1044687771_0:0:1600:1018_600x0_80_0_0_ff979c92d16249186eb911c6201b0000.jpg)
Бишкекке Иран өлкөсүнүн президенти Хасан Рухани келди
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Ирандын башчысын "Манас" аэропортунан КРдин премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, саммиттин расмий бөлүгү 14-июнда башталат. ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.