БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады.
![Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун Альфа Телеком компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун Альфа Телеком компаниясына байланыштуу козголгон кылмыш иши кайра карала баштады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104568/42/1045684217_182:0:3441:2048_600x0_80_0_0_a2ff0e616fb4cc3705429b76a41ba187.jpg)
![Сот учурунда Текебаев анын күнөөсү далилденбегенин, анткени Ак үйдөгү Леонид Маевский менен жолугушуу өткөн делген №316 кабинет ал учурда Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты Сот учурунда Текебаев анын күнөөсү далилденбегенин, анткени Ак үйдөгү Леонид Маевский менен жолугушуу өткөн делген №316 кабинет ал учурда Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104568/42/1045684211_78:0:3337:2048_600x0_80_0_0_6124e23ace652f8a9eba102a47741e6a.jpg)
![Мындан тышкары, биринчи ирет жүргөн тергөөдө күбөлөр мамлекеттик кызматты ээлеп тургандыктан чындыкты айта албай келишкенин белгиледи. Мындан тышкары, биринчи ирет жүргөн тергөөдө күбөлөр мамлекеттик кызматты ээлеп тургандыктан чындыкты айта албай келишкенин белгиледи. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104568/41/1045684199_0:438:2561:2048_600x0_80_0_0_0478b598dffeb88387a32d606dc9c89f.jpg)
Белгилей кетсек, буга иште жаңы жагдайлардын ачылышы себеп болгон.
Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова суракка жаңы күбөлөрдү чакырганын айтып, алардын атын-жөнү менен 2010-жылы иштеп турган кызматтарын тизмектеди:
- Сүйүнбек Касмамбетов — ЖК аппаратынын жетекчиси;
- Эмилбек Каптагаев — Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси;
- М.Келгенбаев — элдик дружинанын өкүлү;
- С.Бакытаев — ЖКнын жалпы бөлүмүнүн башчысы;
- С.Нышанов — "БНК" сырттан дайындалган башкаруучу;
- Сагынбек Абдрахманов — Чүй облусунун губернатору;
- Тайырбек Сарпашев — конституциялык кеңештин мүчөсү;
- Иса Өмүркулов — Бишкек шаарынын мэри;
- Нурханбек Момуналиев — Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары;
- Чыныбай Турсунбеков — саясий ишмер;
- М.Укушев — аппарат кызматкери.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жаңы жагдайлардын ачылышы менен 29-август күнү үй камагына чыгарылган. Жогорку сот ишти кайра биринчи инстанциянын кароосуна жөнөткөн.
Текебаевдин иши
2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.