https://sputnik.kg/20210128/altyn-moneta-chygarylat-1051249427.html
Улуттук банк быйыл алтын монеталардын дагы бир коллекциясын чыгарат
Улуттук банк быйыл алтын монеталардын дагы бир коллекциясын чыгарат
Sputnik Кыргызстан
2021-жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" деп аталган алтын жана күмүш монеталарынын 1000 экземплярын чыгаруу... 28.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-28T10:06+0600
2021-01-28T10:06+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
улуттук банк
монета
коллекция
эгемендүүлүк
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1b/1051246452_0:191:3132:1953_1920x0_80_0_0_987bcce6aa76d721c7919548e9e21c4d.jpg
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын Улуттук банкы алтындан коллекциялык монеталарды чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы кабарлады.Ага ылайык, жалпы 6 миң монета чыгаруу мерчемделип жатат. Анын жарымы баалуу металлдан жасалары айтылды.100 сом алтын монетасы 999-пробадагы металлдан жасалса, 10 сом номиналындагы күмүш монеталар 925-пробадагы металлдан даярдалат.Быйыл КМШнын 30 жылдыгына карата миң күмүш монета чыгаруу да пландалып жатканы айтылды.Улуттук банк 1 сом номиналында "Жашоо үчүн рахмат!" деп аталган жез-никель монетасынан үч миңди чыгарууну да ойлоп жатканын кабарлаган.Банктын маалымат кызматы билдиргендей, улуттук валюта киргизилгенден бери алтын монетанын төрт түрү чыккан. Алар:
https://sputnik.kg/20210126/uluttuk-bank-500-mln-dollardan-intervenciya-1051226185.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/01/1b/1051246452_364:0:3093:2047_1920x0_80_0_0_a39abf11a87c0a334513d6891f9f95db.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, улуттук банк, монета, коллекция, эгемендүүлүк
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, улуттук банк, монета, коллекция, эгемендүүлүк
Улуттук банк быйыл алтын монеталардын дагы бир коллекциясын чыгарат
10:06 28.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) 2021-жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" деп аталган алтын жана күмүш монеталарынын 1000 экземплярын чыгаруу пландалып жатат.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын Улуттук банкы алтындан коллекциялык монеталарды чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу аталган банктын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жалпы 6 миң монета чыгаруу мерчемделип жатат. Анын жарымы баалуу металлдан жасалары айтылды.
"2021-жылы "Тарыхый окуялар" сериясынан "Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл" деп аталган алтын жана күмүш монеталарынын 1000 экземплярын чыгаруу каралууда", — деп айтылат маалыматта.
100 сом алтын монетасы 999-пробадагы металлдан жасалса, 10 сом номиналындагы күмүш монеталар 925-пробадагы металлдан даярдалат.
Быйыл КМШнын 30 жылдыгына карата миң күмүш монета чыгаруу да пландалып жатканы айтылды.
Улуттук банк 1 сом номиналында "Жашоо үчүн рахмат!" деп аталган жез-никель монетасынан үч миңди чыгарууну да ойлоп жатканын кабарлаган.
Банктын маалымат кызматы билдиргендей, улуттук валюта киргизилгенден бери алтын монетанын төрт түрү чыккан. Алар:
- "Манас" — "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы чыккан;
- "Ош" — Оштун 3000 жылдыгына карата 2000-жылы чыккан;
- "Курманжан Даткага 200 жыл" — жүгүртүүгө 2012-жылы чыккан;
- "Ак илбирс" — жүгүртүүгө 2015-жылы чыккан.