https://sputnik.kg/20210208/muzejler-zhany-virtualdyk-ehkskursiya-formatyna-oto-bashtashty-1051383655.html
Алымова: музейлер виртуалдык экскурсия форматына өтө баштады
Алымова: музейлер виртуалдык экскурсия форматына өтө баштады
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эл аралык музейлер кеңешинин башчысы Аида Алымова пандемияга байланыштуу музейлердин көбү виртуалдык экскурсия форматына өтө баштаганын айтты. 08.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-08T14:47+0600
2021-02-08T14:47+0600
2021-12-14T14:27+0600
кыргызстан
маданият
радио
музей
тарых
санарип
экскурсия
аида алымова
https://sputnik.kg/img/07e5/02/08/1051383345_0:208:2049:1367_1920x0_80_0_0_9b2ae429cda030c32646f6b1fa8a62ba.jpg
Алымова: музейлер виртуалдык экскурсия форматына өтө баштады
Sputnik Кыргызстан
Алымова: музейлер виртуалдык экскурсия форматына өтө баштады
Кыргызстан ИКОМдун төртүнчү категориясындагы өлкө болгондуктан пандемияда музейлердин ишмердүүлүгү начарлады. Өзгөчө өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин 1,5 пайызы гана маалыматтык технологиялар мүмкүнчүлүгүн колдоно алышты. Бул тууралуу Аида Алымова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, музей кызматкерлери жаңыча түшүнүктөрдү кабыл алып, заманбап форматта иш алып бара тургандай адис болушу керек.Ошондой эле жетекчи өлкөдөгү музейлер толук кандуу иш алып барышы үчүн финансылык, материалдык, кадрдык жактан колдоого алынышы керектигин кошумчалады.Белгилей кетсек, ИКОМ — эл аралык музейлер кеңеши (International Council of Museums, ICOM). Уюм музей адистери тарабынан дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү боюнча иш алып барат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/08/1051383345_0:144:2049:1431_1920x0_80_0_0_af3127c8bca166a21514aa3b032cdd8f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, музей, тарых, санарип, экскурсия, аида алымова
кыргызстан, маданият, музей, тарых, санарип, экскурсия, аида алымова
Алымова: музейлер виртуалдык экскурсия форматына өтө баштады
14:47 08.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Кыргызстандагы эл аралык музейлер кеңешинин башчысы Аида Алымова пандемияга байланыштуу музейлердин көбү виртуалдык экскурсия форматына өтө баштаганын айтты.
Кыргызстан ИКОМдун төртүнчү категориясындагы өлкө болгондуктан пандемияда музейлердин ишмердүүлүгү начарлады. Өзгөчө өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин 1,5 пайызы гана маалыматтык технологиялар мүмкүнчүлүгүн колдоно алышты. Бул тууралуу Аида Алымова
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музей кызматкерлери жаңыча түшүнүктөрдү кабыл алып, заманбап форматта иш алып бара тургандай адис болушу керек.
"2020-жылдагы пандемиянын айынан маданий мекемелер, анын ичинде музейлердин ишине чоң коркунуч жаралды. Анткени биз жергиликтүү жана чет элдик көрүүчүлөргө ишибизди арнап келебиз. Кыргызстандагы музейлер ИКОМ уюмуна мүчө. Уюм менен тыгыз кызматташып, музейлердин иштөө форматын жакшыртуу боюнча маселелер каралды. Анын натыйжасында виртуалдык экскурсияларды, онлайн иш-чараларды, санарип контентти уюштуруу иши жанданды. Веб-сайт, социалдык тармактар аркылуу маалымат жеткирүүнү колго алдык," — деди Алымова.
Ошондой эле жетекчи өлкөдөгү музейлер толук кандуу иш алып барышы үчүн финансылык, материалдык, кадрдык жактан колдоого алынышы керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, ИКОМ — эл аралык музейлер кеңеши (International Council of Museums, ICOM). Уюм музей адистери тарабынан дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү боюнча иш алып барат.