БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун "Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу" жарлыгына ылайык, медиктердин айлыгын көтөрүүгө 378,1 миллион сом багытталды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.
Ал 1-июлдан баштап медкызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга өскөнүн белгилеген.
© Sputnik / Табылды КадырбековМилдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева
Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева
"Бюджетке түшкөн жалпы каражаттын ичинен ММК фонду саламаттык сактоо уюмдарын каржылоого 7 миллиард 846 миллион сом сарптады. Бюджеттик каржылоодон тышкары саламаттык сактоо уюмдары калктан кошумча-төлөм түрүндө түшкөн 320,3 миллион сомду жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн келген 346,8 миллион сом алышкан", — деди Өскөмбаева.
Саламаттык сактоо уюмдары алынган каражаттын жалпы суммасынан 7 миллиард 445 миллион сом керектеген.
Алар:
- 5 миллиард 104 миллион сом медициналык кызматкерлердин айлык акысына жана Социалдык фондго чегерүүлөргө (68,6 пайыз);
- 1 миллиард 26 миллион сом дары-дармек каражаттарын сатып алууга (13,8 пайыз);
- 315,6 миллион сом тамак-аш азыктарын сатып алууга (4,2 пайыз);
- 378,6 миллион сом коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө (5,1 пайыз);
- 79 миллион сом транспорттук чыгымдарга (1,1%), анын ичинде Тез жардам кызматы үчүн бензинге;
- ошондой эле башка кызматтар үчүн 541,4 миллион сом сарпталган.