Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу окумуштуу, залкар устатты эскерип, анын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Ахунбаев Иса Коноевич 1908-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. 1916-жылдагы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качып, башынан далай оор күндөрдү өткөрүп, 15 жашында кичи мекенине кайтып келип билим ала баштайт. Окууга дилгир өспүрүмдүн мектеби Балыкчыда болгон. Ошондуктан окуучу Тору-Айгырдан Балыкчы шаарына жөө келип сабатын жойгон. 1925-жылы куржунун артынып алып Балыкчыдан Бишкекке жөө келген. Кийин борбор калаада окуп, 1930-жылы медициналык техникумду аяктап Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырат. Эмгек жолун 28 жашында Фрунзе шаардык бейтапканасынын хирургия бөлүмүнөн баштап, 1941-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда иштей баштайт. Алгач хирургия кафедрасында ассистент, андан соң доцент, кийин кафедранын жетекчилигине чейин көтөрүлүп, жети жылдан соң институттун ректору жана профессору болот.
Жеке жашоосунда жубайы экөө беш баланы тарбиялаган. Улуусу Мустафа Опера жана балет театрынын башкы режиссёру болуп эмгектенген, кызы Нэля менен Медер атасынын жолун уланткан. Неберелери Сталбек — онколог, Алмаз — хирург, Жибек — уролог.
СССР Жогорку Советинин 2-4-чакырылышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-6-чакырылышынын депутаты 1975-жылы автокырсыкка кабылып, андан жубайы, кызы жана күйөө баласы болуп төртөө көз жумган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өмүрүн ата мекендик медицинага арнаган окумуштуу жөнүндө кызыктуу лонгрид даярдаган.
![Болочоктогу атактуу хирург билим алуу үчүн Ысык-Көлдөн Фрунзеге чейин жөө келген Болочоктогу атактуу хирург билим алуу үчүн Ысык-Көлдөн Фрунзеге чейин жөө келген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054077278_0:0:2985:2048_600x0_80_0_1_6d3e3b96b65f9133772adde22cf3ec98.jpg)
![Ташкентте студент болгон жылдар. Сүрөттө хирург достору менен Ташкентте студент болгон жылдар. Сүрөттө хирург достору менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054077367_0:0:2842:2048_600x0_80_0_1_c13e62dd515b7272dd49d5ef9f28bbed.jpg)
![Ахунбаев Фрунзедеги медициналык техникумду аяктаган соң Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырган Ахунбаев Фрунзедеги медициналык техникумду аяктаган соң Ташкенттеги Орто Азия университетине тапшырган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054073976_0:0:960:960_600x0_80_0_1_85ae94b398413ead5d2bdf6e211d14f0.jpg)
![Иса Коноевич жубайы Бибихан Исмаилова жана улуу баласы Мустафа менен, 1937-жыл Иса Коноевич жубайы Бибихан Исмаилова жана улуу баласы Мустафа менен, 1937-жыл - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054074009_0:0:960:550_600x0_80_0_1_9c8d05c487276bd7819f278da504a8af.jpg)
![Белгилүү хирург Орто Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган Белгилүү хирург Орто Азия чөлкөмүндө биринчилерден болуп жүрөккө операция жасаган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054074154_0:0:960:960_600x0_80_0_1_46c753058a39f62edf73b4c5a89459e2.jpg)
![Операцияга даярданган учур. Ахунбаев кесиптик ишмердүүлүгүндө бир топ шакирттерди тарбиялаган. Операцияга даярданган учур. Ахунбаев кесиптик ишмердүүлүгүндө бир топ шакирттерди тарбиялаган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054077333_0:0:2963:2048_600x0_80_0_1_b6628b1d2a844aedf3c966fa5b0ed3a3.jpg)
![Окумуштуу байбичеси Бибихан Исмаилова экөө беш баланы тарбиялаган Окумуштуу байбичеси Бибихан Исмаилова экөө беш баланы тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103658/61/1036586171_0:0:3802:2503_600x0_80_0_1_3edfd399f7cc828fc7ea7877ae7050db.jpg)
![Небересин эркелеткен илимпоз Небересин эркелеткен илимпоз - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054074026_0:0:960:960_600x0_80_0_1_342e47083cbc1f5bf4a0b4b6fe418e25.jpg)
![Иса Ахунбаев Тору-Айгырда жакындары менен Иса Ахунбаев Тору-Айгырда жакындары менен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054077403_0:0:3090:2001_600x0_80_0_1_80511ed810c6d61bf34d4b9029bd45e2.jpg)
![Опера ырчысы Сайра Кийизбаева, Иса Ахунбаев жубайы Бибихан менен, 1960-жылдар Опера ырчысы Сайра Кийизбаева, Иса Ахунбаев жубайы Бибихан менен, 1960-жылдар - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054074222_0:0:1000:653_600x0_80_0_1_72ca2a28620057461e05f47a68b400a8.jpg)
![Замандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Иса Ахунбаевдин сол жагында скульптор Тургунбай Садыков жана маэстро, дирижер Асанхан Жумакматов. Замандаштары менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган учур. Иса Ахунбаевдин сол жагында скульптор Тургунбай Садыков жана маэстро, дирижер Асанхан Жумакматов. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101986/93/1019869357_0:0:2000:1109_600x0_80_0_1_85e288375a9d7bafe0f414502133a545.jpg)
![Ахунбаев 27 илимдин кандидатына, төрт докторуна жетекчи болгон Ахунбаев 27 илимдин кандидатына, төрт докторуна жетекчи болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054077485_0:0:3083:2048_600x0_80_0_1_5188eb6780e697e5ce9bc04cf7591360.jpg)
![Илимпоз 1954-жылы Фрунзеде жаңы эле ачылган Илимдер академиясынын алгачкы президенти болгон Илимпоз 1954-жылы Фрунзеде жаңы эле ачылган Илимдер академиясынын алгачкы президенти болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054074294_0:0:960:960_600x0_80_0_1_657721b894f5143d8530925fa8d26bf2.jpg)
![Эл аралык деңгээлдеги врач 67 жашында жол кырсыгынан каза болгон. Эл аралык деңгээлдеги врач 67 жашында жол кырсыгынан каза болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/09/1e/1054077490_0:0:2964:2048_600x0_80_0_1_d3e5ada81af11081b8a3cbd3f28e885f.jpg)