Mercedes-Benz жардан кулап кетпей аз жерден калган. ӨКМдин сүрөтү
11:52 01.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Фото / пресс-служба МЧСӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты
![Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0a/01/1054081081_61:-1:1101:588_1920x0_80_0_0_c10b451813f1bc2ef902ac06c9768fc2.jpg)
© Фото / пресс-служба МЧС
Жазылуу
Жолдон чыгып, жарга барып туруп калган автоунааны тартып чыгарууга алты куткаруучу жардам берген. Окуядан жабыркагандар болгон эмес.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында 10-15 метрлик жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба МЧСӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты
![Mercedes-Benz сорвалась с обрыва в городе Таш-Кумыр Mercedes-Benz сорвалась с обрыва в городе Таш-Кумыр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/0a/01/1054081120_0:0:1000:750_1920x0_80_0_0_a5a084359c2754ca62cd015a779412d3.jpg)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында жарга туруп калган автоунааны зыянга учуратпай, кылдаттык менен тартып чыгарышты
© Фото / пресс-служба МЧС
Автоунаанын ичинде 58 жаштагы айдоочуга атайын техникасы менен алты куткаруучу жардамга келген.
"Таш-Көмүр шаарынын Баетов көчөсүндө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, жарга барып туруп калган. Окуя болгон жерге ӨКМдин алты куткаруучусу келип, атайын техниканын жардамы менен автоунааны жолго чыгарып беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтен окуядан жабыркагандар болбогондугун кошумчалашты.