https://sputnik.kg/20211128/bishkek-general-panfilov-estelik-almashtyruu-video-1054779544.html
Бишкекте легендарлуу генерал Панфиловдун эстелиги алмаштырылды. Видео
Бишкекте легендарлуу генерал Панфиловдун эстелиги алмаштырылды. Видео
Sputnik Кыргызстан
Өнөркананын жетекчиси айкел эң жогорку сапаттагы материалдан жасалганын, эстелик кылымдар бою тураарын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 28.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-28T19:36+0600
2021-11-28T19:36+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
видео
мультимедиа
бишкек
эстелик
иван панфилов
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054779777_6:-1:1280:720_1920x0_80_0_0_469d6b45d0e47e6b8ff63ad4014c0828.jpg
Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелигинин так көчүрмөсү орнотулууда. Бетон эстеликтин ордуна колодон жасалган айкел коюлат. Ал Россия Федерациясынын Свердлов облусунда жасалып, кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.Мэриядан билдиргендей, айкелдин узундугу тогуз метрди түзөт. Ал Иван Дубровин жетектеген өнөрканада айкелдин түп нускасынын негизинде куюлган. Цехтин башчысы Sputnik Кыргызстан агенттигине монумент эң жогорку сапаттагы материалдан жасалганын, ал эң аз дегенде миң жылга туруштук берерин айткан.Панфиловдун биринчи эстелиги 1942-жылы архитектор В.Верюжский, скульпторлор О.Мануйлова, А.Мануйлов, Г.Фрих-Хар, М.Эпштейндин эмгеги менен тургузулган. Айкел жез күкүмдөрү аралашкан бетондон куюлуп, коло түстө сырдалган. Ал кошумча кызгылт гранит менен жасалгаланган.Монументтин үч кырдуу тирөөч ташы Улуу Ата Мекендик согуштун эпизоддорун, 28 панфиловчунун эрдигин чагылдырган оймо сүрөттөр менен кооздолгон. Объект республикалык маанидеги искусство эстелиги катары бекитилген.Эски эстелик калыбына келтирилип, Балыкчы шаарында Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулду.Бишкек мэриясы билдиргендей, жаңы айкелдин салтанаттуу ачылышын декабрь айынын башында Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү пландалып жатат.Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москванын жанында советтик аскерлердин фашисттик баскынчылар менен генерал Иван Панфиловдун башчылыгы астында кан кечип салгылашкан 316-аткычтар (8-гвардиялык) дивизиясынын аскерлери көрсөткөн эрдиктин 80 жылдыгына карата өткөрүлөт. Бул тарыхта чечүүчү согуш болгону айтылып келет.
https://sputnik.kg/20211019/medikterge-arnalgan-ehstelik-achyldy-1054272147.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054779777_83:-1:1229:720_1920x0_80_0_0_841493e28a2057cd44946d6ac3e230a4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, видео, мультимедиа, бишкек, эстелик, иван панфилов
жаңылыктар, коом, кыргызстан, видео, мультимедиа, бишкек, эстелик, иван панфилов
Бишкекте легендарлуу генерал Панфиловдун эстелиги алмаштырылды. Видео
19:36 28.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Өнөркананын жетекчиси айкел эң жогорку сапаттагы материалдан жасалганын, эстелик кылымдар бою тураарын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелигинин так көчүрмөсү орнотулууда. Бетон эстеликтин ордуна колодон жасалган айкел коюлат. Ал Россия Федерациясынын Свердлов облусунда жасалып, кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.
Мэриядан билдиргендей, айкелдин узундугу тогуз метрди түзөт. Ал Иван Дубровин жетектеген өнөрканада айкелдин түп нускасынын негизинде куюлган. Цехтин башчысы Sputnik Кыргызстан агенттигине монумент эң жогорку сапаттагы материалдан жасалганын, ал эң аз дегенде миң жылга туруштук берерин айткан.
Панфиловдун биринчи эстелиги 1942-жылы архитектор В.Верюжский, скульпторлор О.Мануйлова, А.Мануйлов, Г.Фрих-Хар, М.Эпштейндин эмгеги менен тургузулган. Айкел жез күкүмдөрү аралашкан бетондон куюлуп, коло түстө сырдалган. Ал кошумча кызгылт гранит менен жасалгаланган.
19 Тогуздун айы 2021, 15:02
Монументтин үч кырдуу тирөөч ташы Улуу Ата Мекендик согуштун эпизоддорун, 28 панфиловчунун эрдигин чагылдырган оймо сүрөттөр менен кооздолгон. Объект республикалык маанидеги искусство эстелиги катары бекитилген.
Эски эстелик калыбына келтирилип, Балыкчы шаарында Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулду.
Бишкек мэриясы билдиргендей, жаңы айкелдин салтанаттуу ачылышын декабрь айынын башында Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү пландалып жатат.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москванын жанында советтик аскерлердин фашисттик баскынчылар менен генерал Иван Панфиловдун башчылыгы астында кан кечип салгылашкан 316-аткычтар (8-гвардиялык) дивизиясынын аскерлери көрсөткөн эрдиктин 80 жылдыгына карата өткөрүлөт. Бул тарыхта чечүүчү согуш болгону айтылып келет.