https://sputnik.kg/20211206/zhogorku-kenesh-talapker-ish-kozgoldu-1054877501.html
Ысык-Ата шайлоо округунан алдыга чыккан талапкерге иш козголду
Ысык-Ата шайлоо округунан алдыга чыккан талапкерге иш козголду
Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармакка Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган. УКМК билдиргендей, анда кылмыштын... 06.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-06T18:09+0600
2021-12-06T18:09+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
саясат
ысык-ата
кылмыш
улут
кастык
укмк
жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
https://sputnik.kg/img/103093/13/1030931342_0:302:6016:3686_1920x0_80_0_0_257d64ca951a3c2fbf5d2ef922bd8d9a.jpg
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер А.Т. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган.6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Т. аттуу талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга кайрылуу жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, талапкердин аракеттерине юридикалык баа берилет.Белгилей кетсек, бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо А.Т. элдин көпчүлүк добушун алып, биринчи сапка чыккан.
https://sputnik.kg/20211127/deputat-talapker-kujoo-dobush-satyp-aluu-1054760290.html
ысык-ата
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103093/13/1030931342_419:0:5774:4016_1920x0_80_0_0_869ae84b5f96c0966639b1f0ec76223c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, саясат, ысык-ата, кылмыш, улут, кастык, укмк, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021, 2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, саясат, ысык-ата, кылмыш, улут, кастык, укмк, жогорку кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо, жогорку кеңешке шайлоо 2021, 2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Ысык-Ата шайлоо округунан алдыга чыккан талапкерге иш козголду
18:09 06.12.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Социалдык тармакка Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган. УКМК билдиргендей, анда кылмыштын белгилери бар.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. № 30
Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер А.Т. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган.
"Бул чагымчыл видеодо талапкердин коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу") каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
27 Жетинин айы 2021, 21:32
6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Т. аттуу талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга кайрылуу жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, талапкердин аракеттерине юридикалык баа берилет.
Белгилей кетсек, бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо А.Т. элдин көпчүлүк добушун алып, биринчи сапка чыккан.