00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ашпозчу: жаңы жылда балык же тооктун этинен тамак жасоону сунуштайм

© Sputnik / Асель СыдыковаКулинардык студиянын негиздөөчүсү, ашпозчу Канимет Жеңишов
Кулинардык студиянын негиздөөчүсү, ашпозчу Канимет Жеңишов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2021
Жазылуу
Кулинардык студиянын негиздөөчүсү, ашпозчу Канимет Жеңишов ар бир кожойке же кожоюн тамакты берилүү жана жан дүйнөсү менен жасаса сөзсүз даамдуу болорун айтты.
Жаңы жылдык дасторкон даярдоонун алдында базар же дүкөндөн азык-түлүктү жыттап, кармап, сырткы көрүнүшүн карап көрүп таза, жаңысын сатып алыш керек. Жаңы жылдык дасторконго улуттук ашканадагы же күндө жасап жүргөн оор тамактардан баш тартып, балык же тооктун эти менен тамак жасоону сунуштайм. Бул тууралуу Канимет Жеңишов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Ашпозчу: жаңы жылда балык же тооктун этинен тамак жасоону сунуштайм
Ал айрым ингредиенттерди кошсо даамы бузулат же кээ бир азыктарды аралаштырууга болбойт деген түшүнүккө кошулбайт.
"Жаңы жылда жасалуучу оливье салатына колбасанын ордуна эт, майонездин ордуна үйдө жасалган кошулма менен аралаштырсаңыз даамы өзгөчө болот. Мисалы, жумуртка, суу май, горчицаны блендерге эзип койсок эле майонез болуп калат. Ошондой эле кызылча, желатин, семга же селедка балыгы жана кара нан менен өзгөчө салат жасаса болот. Ал үчүн кызылчаны фольгага ороп меште бышырып, желатинди даярдайбыз. Атайын формага кара нан, үстүнө көк пияз, блендерден өткөрүлгөн кызылча пюресине даяр желатинди кошобуз да аралашманы үстүнө куюп, муздаткычка 20 мүнөткө саласыз. Жыйынтыгында десертке окшош салат болуп калат. Ал эми негизги тамак катары үндүк же тоокту мешке бышырыңыз. Мен рецептим боюнча туз кошулган сууга лавр жалбырагын салып этти 8-9 саатка чылап коюңуз. Бул эттин жаман жыт, даамын чыгарып, бир четинен маринаддалат. Мешке салардын алдында кадимки нанга сүйкөп жеген майга сарымсак, апельсиндин кабыгын туурагычтан өткөрүп, ар кандай укроп, розмарин өңдүү чөптөрдү кошуп аралаштырып, аны ичине, сыртына сүйкөп чыгабыз. Тоокту фольгага ороп 200 градус ысык мешке салып, 1,5 саат бышырасыз. Андан соң фольгадан чыгарып, 180 градус мешке 30 мүнөт кызартып бышырып коюу керек. Аны ар кандай гарнир менен дасторконго коюңуз", — деди Жеңишов.
Ашпозчу ар кандай жаңы салаттарга зайтун майы, лимон согу, туз, калемпирдин аралашмасын кошуп коюну сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0