00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Полевые сборы военнослужащих Волгограда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Тажикстан макулдашууну бузду. Баткенде эки аймакта ок атышуу уланууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Жазылуу
Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлери атышууну 10 мүнөткө токтотуп, эки тараптын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзмөк. Бирок ага карабастан ок чыгаруу уланган.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. 28-январь саат 00:20га карата Көчө-Бою жана Дахма аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин атышуусу уланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 27-январь саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин атышуусу 10 мүнөткө токтогон.
Атышуу токтогон убакта Баткен башчысы Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору жана эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу пландалган. Бирок тажик аскерлери эки тараптын макулдашуусуна карабай кыргыз аскерлери жакка ок атууну уланткан.

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганын белгиледи.
Алардын миномёт колдонушу чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турары кошумчаланды.
Ал эми тажик тарап Сомониён айылынан жамаат Чоркухка бара жаткан тажикстандыктардын машинасын таш менен ургулашкандыктан чуу чыкканын айтууда.
Ооруканада жайгаштырылган жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.01.2022
Спорт залга төшөк салган тургундар. Баткенде эвакуациялангандардын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0