https://sputnik.kg/20220201/prokuratura-kaktus-media-saytyndagy-ish-kozgodu-1061717770.html
"Согушту пропагандалоо". Прокуратура ЖМКдагы маалымат боюнча иш козгоду
"Согушту пропагандалоо". Прокуратура ЖМКдагы маалымат боюнча иш козгоду
Sputnik Кыргызстан
Кылмыш-жаза кодексинде мындай берене үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же болбосо 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу жазасы... 01.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-01T18:25+0600
2022-02-01T18:25+0600
2022-02-01T18:28+0600
кыргызстан
башкы прокуратура
кылмыш иши
кечирим суроо
кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
kaktus.media
https://sputnik.kg/img/07e5/02/08/1051379317_0:325:2730:1861_1920x0_80_0_0_465b49dd3695d03ceab49fd75427e457.jpg
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Kaktus.media сайтындагы жарыяланган маалымат боюнча кылмыш ишин козгоп, ага укуктук баа берүү боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлады.Иш Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесинин ("Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу") негизинде козголгон. Биринчи май райондук прокуратурасы тергөөдө.Эске салсак, 27-январда Kaktus.media сайтына ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган маалымат жарыяланган. Тагыраагы, анда Кыргызстан биринчи болуп ок чыгарып, Тажикстанды көкүттү деген маанайда жазылган.Буга нааразы болгон бир катар жарандар 28-январда Kaktus.media редакциясынын жабылышын талап кылып Бишкек шаарында митингге чыккан. Кырдаал боюнча аталган ресурс өзүнүн түшүндүрмөсүн берип, окурмандардан кечирим сураган билдирүү тараткан.Кылмыш-жаза кодексинде мындай берене үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же болбосо 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу жазасы каралган.
https://sputnik.kg/20220130/kyrgyz-tazhik-chek-arasy-tort-kocho-tilkesi-1061663963.html
https://sputnik.kg/20220201/batkendin-zhetekchisi-sogdinin-bashchysyna-zhoop-1061715312.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/08/1051379317_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_04e5fd2439572cb547ad03d12b33106c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, башкы прокуратура, кылмыш иши, кечирим суроо, kaktus.media
кыргызстан, башкы прокуратура, кылмыш иши, кечирим суроо, kaktus.media
"Согушту пропагандалоо". Прокуратура ЖМКдагы маалымат боюнча иш козгоду
18:25 01.02.2022 (Жаңыртылды: 18:28 01.02.2022) Кылмыш-жаза кодексинде мындай берене үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же болбосо 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу жазасы каралган.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Kaktus.media сайтындагы жарыяланган маалымат боюнча кылмыш ишин козгоп, ага укуктук баа берүү боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлады.
Иш Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесинин ("Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу") негизинде козголгон. Биринчи май райондук прокуратурасы тергөөдө.
Эске салсак, 27-январда Kaktus.media сайтына ASIA-Plus тажик басылмасынан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча алынган маалымат жарыяланган. Тагыраагы, анда Кыргызстан биринчи болуп ок чыгарып, Тажикстанды көкүттү деген маанайда жазылган.
Буга нааразы болгон бир катар жарандар 28-январда Kaktus.media редакциясынын жабылышын талап кылып Бишкек шаарында митингге чыккан. Кырдаал боюнча аталган ресурс
өзүнүн түшүндүрмөсүн берип, окурмандардан кечирим сураган билдирүү тараткан.
"Бул публикациянын жалгыз максаты — тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүүбүз керек. Жарыяланган материалда маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз — биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз", — деген редакция.
Кылмыш-жаза кодексинде мындай берене үчүн беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же болбосо 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу жазасы каралган.