https://sputnik.kg/20220214/kyrgyzstan-ipp-2022-yanvar-ajy-1062023499.html
Январь айында ИДПнын көлөмү өстү. Кайсы тармактар алдыда
Январь айында ИДПнын көлөмү өстү. Кайсы тармактар алдыда
Sputnik Кыргызстан
ИДПнын өсүү темпи негизинен кызмат көрсөтүүчү тармагынан камсыздалды. Тагыраагы, ал төрт пайызга жогорулады. 14.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-14T09:23+0600
2022-02-14T09:23+0600
2022-02-14T09:23+0600
кыргызстан
экономика
статистика
ички дүң продукциясы
соода
өндүрүш
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0c/1052474781_0:123:3067:1848_1920x0_80_0_0_27638c6f47ec279423c41ccaf536ceb8.jpg
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) январь айында 37 миллиард сомду түзүп, 2021-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу бир пайызга жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.Ал эми Кумтөр кенинин өндүрүшүн эсепке албаганда ички дүң продукциянын көлөмү 35 миллиард сом болуп 1,1 пайызга өскөн.ИДПнын өсүү темпи негизинен кызмат көрсөтүү тармагынан камсыздалды. Тагыраагы, ал төрт пайызга өсүп, анткен менен өндүрүш тармагы үч пайызга төмөндөгөн.Дал ушул эки тармак ички дүң продукциясынын эң чоң көлөмүн түзөт. Тагыраагы, кызмат көрсөтүү — 50,4 пайыз, өндүрүш — 36 пайыз.Ошондой эле Статком өткөн жылы Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 6,3 миллиард долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 21,4 пайызга көбөйгөнүн билдирди. Ошол эле учурда экспорттун көлөмү 20,1 пайызга азайып, импорт, тескерисинче, 43,9 пайызга жогорулаганы маалым болду.
https://sputnik.kg/20220213/kyrgyzstan-sedan-kuzovundagy-avtounaalar-1062012952.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0c/1052474781_151:0:2882:2048_1920x0_80_0_0_154e97f64b5fe6290dd38db35c205fa7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, статистика, ички дүң продукциясы, соода, өндүрүш
кыргызстан, экономика, статистика, ички дүң продукциясы, соода, өндүрүш
Январь айында ИДПнын көлөмү өстү. Кайсы тармактар алдыда
ИДПнын өсүү темпи негизинен кызмат көрсөтүүчү тармагынан камсыздалды. Тагыраагы, ал төрт пайызга жогорулады.
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) январь айында 37 миллиард сомду түзүп, 2021-жылдын ушул учуруна салыштырмалуу бир пайызга жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Ал эми Кумтөр кенинин өндүрүшүн эсепке албаганда ички дүң продукциянын көлөмү 35 миллиард сом болуп 1,1 пайызга өскөн.
ИДПнын өсүү темпи негизинен кызмат көрсөтүү тармагынан камсыздалды. Тагыраагы, ал төрт пайызга өсүп, анткен менен өндүрүш тармагы үч пайызга төмөндөгөн.
Дал ушул эки тармак ички дүң продукциясынын эң чоң көлөмүн түзөт. Тагыраагы, кызмат көрсөтүү — 50,4 пайыз, өндүрүш — 36 пайыз.
Ошондой эле Статком өткөн жылы Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 6,3 миллиард долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 21,4 пайызга көбөйгөнүн билдирди. Ошол эле учурда экспорттун көлөмү 20,1 пайызга азайып, импорт, тескерисинче, 43,9 пайызга жогорулаганы маалым болду.
13 Бирдин айы 2022, 14:26