https://sputnik.kg/20220220/katuu-shamal-kono-albaj-zhatkan-uchaktar-1062205305.html
Көпөлөк сымал селкилдеп. Катуу шамалда коно албай жаткан учактардын видеосу
Көпөлөк сымал селкилдеп. Катуу шамалда коно албай жаткан учактардын видеосу
Sputnik Кыргызстан
"Юнис" бороону болуп жаткан маалда Лондондун Хитроу аэропортуна конгон самолеттун видеосу соцтармакта желдей тарап, бир күндө 7 миллион жолу көрүлдү. 20.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-20T16:45+0600
2022-02-20T16:45+0600
2022-02-20T16:45+0600
видео
дүйнөдө
учак
шамал
конуу тилкеси
лондон
аэропорт
https://sputnik.kg/img/07e6/02/14/1062199044_0:0:1635:921_1920x0_80_0_0_adcd03feeeb6206401abf9e6abb04a64.jpg
Улуу Британияда 18-февраль күнү соңку жылдары болуп көрбөгөндөй катуу шамал болгон. Өлкөдө кооптуулуктун "кызыл" деңгээли жарыяланган.Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы саатына 145 чакырымга жеткен. Ошого карабай кээ бир учактар Лондондогу аэропортко конуп жатты.Бороон учурунда он миңдеген соцтармак колдонуучулары британиялык энтузиаст Жерри Дайердин Big Jet TV деп аталган YouTube каналынан түз эфирди көрүп отурган. Ал Хитроу аэропортуна конууга аракет кылып жаткан самолетторду көрсөтүп, спорттук комментатор сыяктуу кырдаалды баяндап берген.Кээ бир учактар жерге коно албай запастагы аэропортко кеткен. Ал эми Airbus A380 лайнеринин үч жолку аракетинен кийин араң конгон учуру кызыктуу ирмем болуп калды.Түз эфир маалында 200 миң адамдай көрүп отурган. 20-февралга карата сегиз саатка созулган видеону 7,1 миллион интернет-колдонуучу көрдү.
лондон
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/14/1062199044_208:0:1452:933_1920x0_80_0_0_d9eb39436482c11838fe4ecc677f0b5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
видео, дүйнөдө, учак, шамал, конуу тилкеси, лондон, аэропорт, видео
видео, дүйнөдө, учак, шамал, конуу тилкеси, лондон, аэропорт, видео
Көпөлөк сымал селкилдеп. Катуу шамалда коно албай жаткан учактардын видеосу
"Юнис" бороону болуп жаткан маалда Лондондун Хитроу аэропортуна конгон самолеттун видеосу соцтармакта желдей тарап, бир күндө 7 миллион жолу көрүлдү.
Улуу Британияда 18-февраль күнү соңку жылдары болуп көрбөгөндөй катуу шамал болгон. Өлкөдө кооптуулуктун "кызыл" деңгээли жарыяланган.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы саатына 145 чакырымга жеткен. Ошого карабай кээ бир учактар Лондондогу аэропортко конуп жатты.
Бороон учурунда он миңдеген соцтармак колдонуучулары британиялык энтузиаст Жерри Дайердин Big Jet TV деп аталган YouTube каналынан түз эфирди көрүп отурган. Ал Хитроу аэропортуна конууга аракет кылып жаткан самолетторду көрсөтүп, спорттук комментатор сыяктуу кырдаалды баяндап берген.
Кээ бир учактар жерге коно албай запастагы аэропортко кеткен. Ал эми Airbus A380 лайнеринин үч жолку аракетинен кийин араң конгон учуру кызыктуу ирмем болуп калды.
Түз эфир маалында 200 миң адамдай көрүп отурган. 20-февралга карата сегиз саатка созулган видеону 7,1 миллион интернет-колдонуучу көрдү.