00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дарыгер омуртканы талкалай турган 8 адатты атады

© Фото / Pexels / Kindel MediaБелин кармаган аял. Архивдик сүрөт
Белин кармаган аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2022
Жазылуу
Адистин айтымында, омуртка ооруган учурлардын 80 пайызына атайын медициналык жардамдын зарылдыгы жок. Көбүнө жашоо образын өзгөртүү жетиштүү.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку категориядагы нейрохирург Сергей Кузнецов "Доктор Питер" порталына берген маегинде омурткага зыян келтире турган адаттарды санап берди.
"Омуртка — адамдын сөөгүн кармап турган негизги бөлүгү. Ал өтө татаал жана уникалдуу система. Омурткада жүлүн, кам тымарлар, нервдер жайгашкандыктан ден соолукка бир топ таасир этет. Биз күн сайын билип-билбей жасаган аракеттерибиздин айрымдары омурткага терс таасирин тийгизет", — деди дарыгер.
Мындан улам адис ал адаттарды санап өттү:

Бүкүрөйүү

Көбүнесе компьютерде иштеген кишилерде, өзгөчө алар туура эмес отурган учурда омурткасынын анатомиялык түзүлүшү өзгөрөт. Мындан улам көкүрөк, баш, көз ооруйт;

Сумканы ар дайым бир гана ийинге көтөрүү

Сумканы ар дайым бир ийинге асынып жүргөн учурда омурткага бир тараптан күч келип, сколиоз илдетине алып келет. Өзгөчө бала кезде бул нерсеге көңүл буруу керек;

Бутту учкаштырып отуруу

Бутту учкаштырып көпкө отурган кезде жамбаш сөөк кыйшайып, мунун арты менен омурткага күч келет. Ошондой эле учкашкан буттарда кандын жүгүрүүсү начарлайт;

Бийик такалуу бут кийим

Бийик такалуу бут кийим кийгенде салмактын көбүн буттун учтары көтөрүп калат. Мындай туура эмес бөлүштүрүүдөн улам омуртка кыйналат;

Смартфонду тиктөө

Азыр социалдык тармактарды смартфондон бир нече саат бою тиктеп отурган адамдар көп. Телефонду караганда баш көп убакыт бою алдыга созулуп тургандыктан омуртканын моюн тушуна күч келет;

Чылым чегүү

Бул адат жалпы ден соолукка пайда алып келбейт. Өзгөчө кан айлануу системасы запкы тартат. Кесепетинде омуртка менен түздөн-түз байланышы бар кан тамырлар менен нервдердин иштеши начарлайт;

Кальций тартыштыгы

Айрымдар кальцийге бай сүт жана сүт азыктарынан баш тартып коет. Эгер аларды такыр эле жегиси келбесе, жок дегенде кальцийди препарат түрүндө ичип туруу керек;

Ашыкча тоюп алуу

Тамакты ар дайым нормасынан ашык жеген адам толуп кетери талашсыз. Ал эми ашыкча салмак — омуртканын негизги душманы.
Омуртканын рентен сүрөтүн карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Омуртка адамга канча жыл кызмат кылат? Медиктин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0