https://sputnik.kg/20220401/banktardyn-ustavdyk-kapitaly-zhogorulashy-yktymal-1063307140.html
Банктардын уставдык капиталы жогорулашы ыктымал. Кардар кандай пайда көрөт?
Банктардын уставдык капиталы жогорулашы ыктымал. Кардар кандай пайда көрөт?
Sputnik Кыргызстан
Сырттан каржыланбаган айрым банктарга өздүк капитал менен депозиттик база кредиттик портфель түзүүдөгү негизги булак болуп калат. 01.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-01T09:11+0600
2022-04-01T09:11+0600
2022-04-01T09:11+0600
улуттук банк
акча
насыя
ишмердүүлүк
уставдык капитал
https://sputnik.kg/img/101483/52/1014835210_0:0:5698:3206_1920x0_80_0_0_0c594ca116ad3005c8fa7fe0a0fe74df.jpg
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Банктардын уставдык капиталын жогорулатуу насыялар боюнча пайыздык ченди азайтууга алып келиши ыктымал.Улуттук банк Кыргызстандагы банктардын уставдык капиталын 1 миллиард сомго чейин жогорулатууну (азыр 600 миллион сом) пландап жатканын билдирген.Улуттук банк тактоочу суроолорго жооп берди.Уставдык капиталды көбөйтүү сунушу эмне менен байланыштуу?Кыргызстандын банк системасын өнүктүрүүдө негизги багыттардын бири бул системанын туруктуулугун бекемдеп, банк ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, банк секторунун иштөө натыйжалуулугун чыңдоо болуп саналат.Капиталдын жетиштүү запасынын болушу банктарга жоготууларды жабууга мүмкүнчүлүк берет. Бул маселе пандемия жана акыркы каатчылыктан улам актуалдуу.Уставдык капиталдын көлөмүн көбөйтүү ата мекендик банктар ортосунда атаандаштыкты күчөтөт. Капиталга талаптарды баскыч-баскычы менен жогорулатуу маселесин кароо сунушталууда.Уставдык капиталды канчага чейин көбөйтүү пландалууда?Азыркы учурда бул маселе талкууланып жатат. Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында маанилүү деген банктарга кандай талаптар туура келери белгилүү болот.Уставдык капиталды көбөйтүү катардагы акча салгандарга жана башка кардарларга эмне берет?Сырттан каржыланбаган айрым банктарга өздүк капитал менен депозиттик база кредиттик портфель түзүүдөгү негизги булак болуп калат. Демек, жеке капитал банктарга азыраак пайыздык коюм менен насыя берүүгө шарт түзөт.Уставдык капитал боюнча жаңы нормативдер качан иштей баштайт?Ушу тапта маселе каралууда, Улуттук банктын башкаруучулугунун кароосуна алып чыккандан кийин тиешелүү чечим кабыл алынат.
https://sputnik.kg/20220331/uluttuk-bank-dollar-satyp-aldy-1063304826.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101483/52/1014835210_144:0:5216:3804_1920x0_80_0_0_8b3615175a2432d7b5086744b1989d68.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуттук банк, акча, насыя, ишмердүүлүк, уставдык капитал
улуттук банк, акча, насыя, ишмердүүлүк, уставдык капитал
Банктардын уставдык капиталы жогорулашы ыктымал. Кардар кандай пайда көрөт?
Сырттан каржыланбаган айрым банктарга өздүк капитал менен депозиттик база кредиттик портфель түзүүдөгү негизги булак болуп калат.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Банктардын уставдык капиталын жогорулатуу насыялар боюнча пайыздык ченди азайтууга алып келиши ыктымал.
Улуттук банк Кыргызстандагы банктардын уставдык капиталын
1 миллиард сомго чейин жогорулатууну (азыр 600 миллион сом) пландап жатканын билдирген.
Улуттук банк тактоочу суроолорго жооп берди.
Уставдык капиталды көбөйтүү сунушу эмне менен байланыштуу?
Кыргызстандын банк системасын өнүктүрүүдө негизги багыттардын бири бул системанын туруктуулугун бекемдеп, банк ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, банк секторунун иштөө натыйжалуулугун чыңдоо болуп саналат.
Капиталдын жетиштүү запасынын болушу банктарга жоготууларды жабууга мүмкүнчүлүк берет. Бул маселе пандемия жана акыркы каатчылыктан улам актуалдуу.
Уставдык капиталдын көлөмүн көбөйтүү ата мекендик банктар ортосунда атаандаштыкты күчөтөт. Капиталга талаптарды баскыч-баскычы менен жогорулатуу маселесин кароо сунушталууда.
Уставдык капиталды канчага чейин көбөйтүү пландалууда?
Азыркы учурда бул маселе талкууланып жатат. Жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында маанилүү деген банктарга кандай талаптар туура келери белгилүү болот.
Уставдык капиталды көбөйтүү катардагы акча салгандарга жана башка кардарларга эмне берет?
Сырттан каржыланбаган айрым банктарга өздүк капитал менен депозиттик база кредиттик портфель түзүүдөгү негизги булак болуп калат. Демек, жеке капитал банктарга азыраак пайыздык коюм менен насыя берүүгө шарт түзөт.
Уставдык капитал боюнча жаңы нормативдер качан иштей баштайт?
Ушу тапта маселе каралууда, Улуттук банктын башкаруучулугунун кароосуна алып чыккандан кийин тиешелүү чечим кабыл алынат.
31 Жалган Куран 2022, 21:43