https://sputnik.kg/20220426/ysyk-kol-ak-ilbirs-kuron-ayuu-atkan-karmaldy-1063946799.html
Ысык-Көлдө ак илбирс менен күрөң аюуну аткандар кармалды
Ысык-Көлдө ак илбирс менен күрөң аюуну аткандар кармалды
Sputnik Кыргызстан
Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалды. 26.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-26T13:50+0600
2022-04-26T13:50+0600
2022-04-26T13:51+0600
кыргызстан
илбирс
аюу
кызыл китеп
кылмыш
окуялар
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e6/04/1a/1063945185_0:121:1280:841_1920x0_80_0_0_7852e176353bd0e74a973ee5a6b74bfa.jpg
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эки метрлик илбирсти атып салышкан. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.Ак-Суу РИИБге айылдагы тургундардын бири үйүндө мыйзамсыз негизде курал сактап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Буга байланыштуу Теплоключенко айылынын 37 жаштагы жашооочусунун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада курал гана эмес, Кызыл китепке кирген жаныбардын териси менен баш сөөгү табылган.Д.М. аттуу шектүү сурак учурунда жаныбарды анын таанышы өлтүрүп, териси менен баш сөөгүн убактылуу анын үйүнө таштап кеткенин билдирген. Кийин 48 жаштагы Б.Е. колго түшүрүлгөн. Ал илбирсти Ак-Суу районундагы сырт өрөөнүнөн атып өлтүргөнүн мойнуна алып, үйүнөн уруксат кагазы жок курал табылган.Ал эми Сары-Жаз сырт өрөөнүнөн 47 жаштагы тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген күрөң аюулардын териси табылган.Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, күрөң аюулардын териси кайдан чыкканын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.
https://sputnik.kg/20220207/ysyk-kolgo-zheyrender-alyp-kelindi-1061865232.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/1a/1063945185_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_5ec12f397814583c2353ba925b913af1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, илбирс, аюу, кызыл китеп, кылмыш, окуялар, сүрөт
кыргызстан, илбирс, аюу, кызыл китеп, кылмыш, окуялар, сүрөт
Ысык-Көлдө ак илбирс менен күрөң аюуну аткандар кармалды
13:50 26.04.2022 (Жаңыртылды: 13:51 26.04.2022) Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалды.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эки метрлик илбирсти атып салышкан. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Ак-Суу РИИБге айылдагы тургундардын бири үйүндө мыйзамсыз негизде курал сактап жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Буга байланыштуу Теплоключенко айылынын 37 жаштагы жашооочусунун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада курал гана эмес, Кызыл китепке кирген жаныбардын териси менен баш сөөгү табылган.
Д.М. аттуу шектүү сурак учурунда жаныбарды анын таанышы өлтүрүп, териси менен баш сөөгүн убактылуу анын үйүнө таштап кеткенин билдирген. Кийин 48 жаштагы Б.Е. колго түшүрүлгөн. Ал илбирсти Ак-Суу районундагы сырт өрөөнүнөн атып өлтүргөнүн мойнуна алып, үйүнөн уруксат кагазы жок курал табылган.
Ал эми Сары-Жаз сырт өрөөнүнөн 47 жаштагы тургундун үйүнөн Кызыл китепке кирген күрөң аюулардын териси табылган.
Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалып, күрөң аюулардын териси кайдан чыкканын аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.