https://sputnik.kg/20220517/iran-evropanyn-gaz-rynogunda-rossiya-1064463972.html
Иран Европанын газ рыногунда Россиянын ордун баса албайт. Эки себеби бар
Иран Европанын газ рыногунда Россиянын ордун баса албайт. Эки себеби бар
Sputnik Кыргызстан
ЕБ мамлекеттери күйүүчү майдын альтернативдүү импорттоочуларын издеп жатышат. 17.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-17T10:30+0600
2022-05-17T10:30+0600
2022-05-17T10:31+0600
россия
европа
иран
экономика
газ
санкциялар
https://sputnik.kg/img/07e6/05/11/1064463945_0:225:3241:2048_1920x0_80_0_0_ad01566499907418ebb66903dd0ab86a.jpg
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Иран Европанын газ рыногунда Россиянын ордун баса албайт. Бирок азыркыдай катаал санкциялар учурунда анын ири импортер болуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын энергетикалык стратегия жана отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Рустам Танкаев билдирди.Адистин айтымында, Россия Европага жаратылыш газынын негизги импортеру, бирок антироссиялык санкциялардын фонунда ЕБ мамлекеттери күйүүчү майдын альтернативдүү импорттоочуларын издеп жатышат.Бирок ал Ирандан Европага суюлтулган жаратылыш газын жеткирүү өтө татаал болгондуктан пайдасы дагы аз экенин айтты.Ошондой эле ал Ирандын Европанын газ рыногунда Россияны алмаштыра албай турганынын дагы бир себебин түшүндүрдү."Идеалында Ирандан газ Европага түтүктөр менен жеткирилиши керек. Бул жол мурунтан эле бар, ал өздөштүрүлгөн. Болгону ага инвестиция салып, кеңейтүү керек. Бирок түтүктүн үчтөн бири Түркия менен тынымсыз согушуп жаткан күрддөрдүн аймагы менен өтөт. Эч бир акыл-эстүү финансист бул газ түтүгүн кеңейтүү долбооруна акча бербейт", — деп эсептейт Танкаев.Сөзүнүн соңунда адис европалыктар газды дагы башка жактан издеши керектигин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20220516/rossiya-iran-munagaz-kyzmattashtyk-1064439924.html
европа
иран
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/11/1064463945_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_72cf9beb3987bb7f4dd8a9518d0b2506.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, европа, иран, экономика, газ, санкциялар
россия, европа, иран, экономика, газ, санкциялар
Иран Европанын газ рыногунда Россиянын ордун баса албайт. Эки себеби бар
10:30 17.05.2022 (Жаңыртылды: 10:31 17.05.2022) ЕБ мамлекеттери күйүүчү майдын альтернативдүү импорттоочуларын издеп жатышат.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Иран Европанын газ рыногунда Россиянын ордун баса албайт. Бирок азыркыдай катаал санкциялар учурунда анын ири импортер болуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Мындай пикирин
Sputnik радиосунун эфиринде Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын энергетикалык стратегия жана отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Рустам Танкаев билдирди.
Адистин айтымында, Россия Европага жаратылыш газынын негизги импортеру, бирок антироссиялык санкциялардын фонунда ЕБ мамлекеттери күйүүчү майдын альтернативдүү импорттоочуларын издеп жатышат.
"Европа рыногунда Россияны 100 пайызга алмаштыруу мүмкүнчүлүгү бар өлкө — Иран. Ал газ кору боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Иран жыл сайын дүйнөлүк рынокко газ берүүнүн көлөмүн көбөйтүп келе жатат. Коңшу Катар экөө дүйнөдөгү эң ири газ кенинде отурушат", — деди Танкаев.
Бирок ал Ирандан Европага суюлтулган жаратылыш газын жеткирүү өтө татаал болгондуктан пайдасы дагы аз экенин айтты.
"Иран суюлтулган газ ташуучу танкерлерди колдоноюн десе Европадан абдан алыс жайгашкан. Мындай каттамда газдын 50 пайызы жоготууга учурайт. Газ ташуу учурунда жөн эле бууланып кетет", — деди адис.
Ошондой эле ал Ирандын Европанын газ рыногунда Россияны алмаштыра албай турганынын дагы бир себебин түшүндүрдү.
"Идеалында Ирандан газ Европага түтүктөр менен жеткирилиши керек. Бул жол мурунтан эле бар, ал өздөштүрүлгөн. Болгону ага инвестиция салып, кеңейтүү керек. Бирок түтүктүн үчтөн бири Түркия менен тынымсыз согушуп жаткан күрддөрдүн аймагы менен өтөт. Эч бир акыл-эстүү финансист бул газ түтүгүн кеңейтүү долбооруна акча бербейт", — деп эсептейт Танкаев.
Сөзүнүн соңунда адис европалыктар газды дагы башка жактан издеши керектигин кошумчалады.