https://sputnik.kg/20220526/evraziyalyk-ekonomikalyk-forum-video-reportazh-1064730580.html
15 өлкөдөн 2,5 миң адам келди. Бишкекте өткөн ири форумдан репортаж
15 өлкөдөн 2,5 миң адам келди. Бишкекте өткөн ири форумдан репортаж
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ЕАЭБ лидерлери катышкан I Евразиялык экономикалык форумду өткөрдү. Анын алкагында Бишкекте 15 өлкөнүн аткаминерлери, бизнесмендери жана эксперттери... 26.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-26T23:03+0600
2022-05-26T23:03+0600
2022-05-26T23:03+0600
евразия экономикалык форуму
кыргызстан
видео
бизнес
экономика
иш-чара
өткөрүү
https://sputnik.kg/img/07e6/05/1a/1064734664_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_0e22404377c0be2d0f0a9ded2b16e672.jpg
Форумдун аянтчасында ар бирине тийиштүү болгон маанилүү маселелер ортого салынды. ЕАЭБди өнүктүрүү келечеги, өнөр жай, транспорт, энергетика, бизнес, валюта рыногу, санариптештирүү, электрондук соода, билим берүү, туризм жана башка темалар талкууланды. Ал эми ЕАЭБдин эл аралык өнөктөштөрү кызматташтык боюнча пландары менен бөлүштү.Мындай масштабдагы иш-чара пандемия башталгандан бери өтө элек болчу. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул адам келип 30дан ашуун иш-чарага катышты. Талкуулар төрт аянтчада 21 тематикалык сессияга бөлүнүп өттү. Жыйынтыгында 10дон ашуун меморандум жана макулдашууга кол коюлду.Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биримдиктин геосаясий уюлга айланышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.Форумга Кыргызстан менен Казакстандын президенттери (офлайн), Россия, Беларусь жана Армениянын жетекчилери видеобайланыш аркылуу катышты.Режиссер Никита Михалков форумдун ардактуу коногу болду. Ал "Оскардын" евразиялык аналогу боло турчу "Бриллиант көпөлөк" киносыйлыгын негиздөөнү сунуштады. Кыргыз тарап анын ачылышын Ысык-Көлдө өткөрүүгө кызыкдар болууда.Ошондой эле ЕАЭБдеги өндүрүштүн жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө уюштурулду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/1a/1064734664_263:0:1703:1080_1920x0_80_0_0_8444423cf3927e90a29092757ece0d90.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, видео, бизнес, экономика, иш-чара, өткөрүү, видео
кыргызстан, видео, бизнес, экономика, иш-чара, өткөрүү, видео
15 өлкөдөн 2,5 миң адам келди. Бишкекте өткөн ири форумдан репортаж
Кыргызстан ЕАЭБ лидерлери катышкан I Евразиялык экономикалык форумду өткөрдү. Анын алкагында Бишкекте 15 өлкөнүн аткаминерлери, бизнесмендери жана эксперттери жолугушту.
Форумдун аянтчасында ар бирине тийиштүү болгон маанилүү маселелер ортого салынды. ЕАЭБди өнүктүрүү келечеги, өнөр жай, транспорт, энергетика, бизнес, валюта рыногу, санариптештирүү, электрондук соода, билим берүү, туризм жана башка темалар талкууланды. Ал эми ЕАЭБдин эл аралык өнөктөштөрү кызматташтык боюнча пландары менен бөлүштү.
Мындай масштабдагы иш-чара пандемия башталгандан бери өтө элек болчу. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул адам келип 30дан ашуун иш-чарага катышты. Талкуулар төрт аянтчада 21 тематикалык сессияга бөлүнүп өттү. Жыйынтыгында 10дон ашуун меморандум жана макулдашууга кол коюлду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров биримдиктин геосаясий уюлга айланышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
"Биз өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана өнөктөштүктүн гана эмес, жанаша жашаган этникалык топтордун, түрдүү маданияттардын, диндердин кемчиликсиз жана ийгиликтүү моделин түзүшүбүз керек, анткени бизди жалпы адамзаттык баалуулуктар гана бириктирет", — деди Жапаров.
Форумга Кыргызстан менен Казакстандын президенттери (офлайн), Россия, Беларусь жана Армениянын жетекчилери видеобайланыш аркылуу катышты.
Режиссер Никита Михалков форумдун ардактуу коногу болду. Ал "Оскардын" евразиялык аналогу боло турчу "Бриллиант көпөлөк" киносыйлыгын негиздөөнү сунуштады. Кыргыз тарап анын ачылышын Ысык-Көлдө өткөрүүгө кызыкдар болууда.
Ошондой эле ЕАЭБдеги өндүрүштүн жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмө уюштурулду.