https://sputnik.kg/20220526/kyrgyzstan-ehnergetika-eaehb-birdiktuu-rynok-1064715025.html
Министрлик: Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү энергетика рыногуна кирүүгө даяр
Министрлик: Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү энергетика рыногуна кирүүгө даяр
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдин ар бир мүчөсү өз алдынча энергетикалык балансты ички керектөөлөргө ылайыктап түзөт. 26.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-26T15:36+0600
2022-05-26T15:36+0600
2022-05-26T15:37+0600
евразия экономикалык форуму
россия
кыргызстан
казакстан
энергетика
рынок
тилек айталиев
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0e/1049614017_0:0:3073:1728_1920x0_80_0_0_2ea0e2d2d833574da5ee667268b5aea6.jpg
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Энергетика коопсуздугуна жетүү үчүн Кыргызстандын энергетиктеринин алдында бир катар тапшырмалар турат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумда Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.Ал катышкан "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык коридорлорун түзүүнүн келечеги" сессиясынын модератору Айталиевге "Кыргызстандагы энергетикалык баланс кайсы багытка өзгөрүп жатат?" деген суроо узаткан.Ошондой эле ал Энергетика министрлигинин алдында бир нече тапшырма турганын айтты.Казакстан, Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Россия 2025-жылдын 1-январына чейин улуттук электр энергия рынокторун интеграциялоо аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы электр энергия рыногун түзүүнү пландаштырууда. Процесстин максаттарынын бири — өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарынын балансын сактоо.Эми ЕАЭБдин ар бир мүчөсү өз алдынча энергетикалык балансты ички керектөөлөргө ылайыктап түзөт. Бирдиктүү рынокко өтүү менен системалар бири-бирин толуктап иштей алат.Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара пландалган.Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
https://sputnik.kg/20220526/rossiya-kazakstan-kyrgyzstan-ehnergetikalyk-koridor-1064711299.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/09/0e/1049614017_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_26cc8dc4c598b91c44189f1833532290.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, кыргызстан, казакстан, энергетика, рынок, тилек айталиев
россия, кыргызстан, казакстан, энергетика, рынок, тилек айталиев
Министрлик: Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү энергетика рыногуна кирүүгө даяр
15:36 26.05.2022 (Жаңыртылды: 15:37 26.05.2022) ЕАЭБдин ар бир мүчөсү өз алдынча энергетикалык балансты ички керектөөлөргө ылайыктап түзөт.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Энергетика коопсуздугуна жетүү үчүн Кыргызстандын энергетиктеринин алдында бир катар тапшырмалар турат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумда Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.
Ал катышкан "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык коридорлорун түзүүнүн келечеги" сессиясынын модератору Айталиевге "Кыргызстандагы энергетикалык баланс кайсы багытка өзгөрүп жатат?" деген суроо узаткан.
"Биздин өлкөнүн энергетикалык балансы бир орунда турган жок. Өзгөчө соңку жылдары энергияга суроо-талап өсүп келе жатат. Андыктан бирдиктүү рынокту түзүү маселеси болуп көрбөгөндөй керектүү учурда көтөрүлдү. Пландалган 2025-жылга чейин ар тараптан даярданууга жетишебиз деп ойлойм. Негизи Кыргызстан бирдиктүү рынокко болгон ресурстарын салууга даяр", — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал Энергетика министрлигинин алдында бир нече тапшырма турганын айтты.
"Биринчиден, генерацияны жогорулатуу. Бул багытта бир нече долбоорубуз бар. Мисалы, жакында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат. Аны казакстандык жана өзбекстандык кесиптештер менен биргеликте ишке ашырабыз деген план бар", — деди Айталиев.
Казакстан, Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Россия 2025-жылдын 1-январына чейин улуттук электр энергия рынокторун интеграциялоо аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы электр энергия рыногун түзүүнү пландаштырууда. Процесстин максаттарынын бири — өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарынын балансын сактоо.
Эми ЕАЭБдин ар бир мүчөсү өз алдынча энергетикалык балансты ички керектөөлөргө ылайыктап түзөт. Бирдиктүү рынокко өтүү менен системалар бири-бирин толуктап иштей алат.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара пландалган.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.