https://sputnik.kg/20220527/kyrgyzstan-evraziya-onukturuu-banky-kun-elektr-stanciya-1064744607.html
Евразия өнүктүрүү банкы КРде күн станцияларынын курулушун каржылоого кызыкдар
Евразия өнүктүрүү банкы КРде күн станцияларынын курулушун каржылоого кызыкдар
Sputnik Кыргызстан
Күн станциясынын жылдык кубаттуулугу 50 мегаватты же 91 миллион киловатт-саатты түзөт. 27.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-27T13:06+0600
2022-05-27T13:06+0600
2022-05-27T13:08+0600
евразия экономикалык форуму
кыргызстан
каржылоо
күн электр станциясы
евразиялык өнүктүрүү банкы
https://sputnik.kg/img/07e6/05/1b/1064743357_0:0:3076:1731_1920x0_80_0_0_b6b8374d0d99a81f498d263a97c8c49f.jpg
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргызстанда курула турчу күн станциясын каржылоону ниеттенип жатат. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.Ага ылайык, ЕАӨБ, КРдин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Жашыл финансы борбору (МФЦА) менен "Бишкек Солар" ЖЧКсы күн электростанцияларынын курулушунун биринчи этабын каржылоо боюнча кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Келишимге Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун алкагында кол коюлган.Башкы подрядчы — казакстандык инжиниринг компаниясы болуп эсептелген ТОО "ТехноГруппСервис". Алар энергиянын кайра жаралуу булагы боюнча долбоорлор менен иштеп келет.Алдын ала эсептөөлөр боюнча, күн электр станциясын курууга ЕАӨБ 40 миллион долларга чейин бөлүшү мүмкүн.Sputnik Кыргызстан Евразия экономикалык форумунун эл аралык медиа өнөктөшү болду.
https://sputnik.kg/20220527/kyrgyzstan-eek-forum-kyzyktuu-ideya-1064743732.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/1b/1064743357_347:0:3076:2047_1920x0_80_0_0_ce7e7cf5fcc4236870b5708dc79c778c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, каржылоо, күн электр станциясы, евразиялык өнүктүрүү банкы
кыргызстан, каржылоо, күн электр станциясы, евразиялык өнүктүрүү банкы
Евразия өнүктүрүү банкы КРде күн станцияларынын курулушун каржылоого кызыкдар
13:06 27.05.2022 (Жаңыртылды: 13:08 27.05.2022) Күн станциясынын жылдык кубаттуулугу 50 мегаватты же 91 миллион киловатт-саатты түзөт.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргызстанда курула турчу күн станциясын каржылоону ниеттенип жатат. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ЕАӨБ, КРдин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Жашыл финансы борбору (МФЦА) менен "Бишкек Солар" ЖЧКсы күн электростанцияларынын курулушунун биринчи этабын каржылоо боюнча кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Келишимге Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунун алкагында кол коюлган.
"Күн станциясынын жылдык кубаттуулугу 50 мегаватты же 91 миллион киловатт-саатты түзөт. Жаңы объект Ысык-Көл районуна курулмакчы. Бул нерсе электр энергиясына болгон дефицитти азайтып, суу ресурстарын үнөмдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Башкы подрядчы — казакстандык инжиниринг компаниясы болуп эсептелген ТОО "ТехноГруппСервис". Алар энергиянын кайра жаралуу булагы боюнча долбоорлор менен иштеп келет.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, күн электр станциясын курууга ЕАӨБ 40 миллион долларга чейин бөлүшү мүмкүн.
Sputnik Кыргызстан Евразия экономикалык форумунун эл аралык медиа өнөктөшү болду.