https://sputnik.kg/20220715/shku-sammit-prezidentter-katyshat-1066091934.html
Баш катчы ШКУ саммитине мүчө өлкөлөрдүн баары катышарын ырастады
Баш катчы ШКУ саммитине мүчө өлкөлөрдүн баары катышарын ырастады
Sputnik Кыргызстан
Азырынча иш-чаранын кандай форматта өтөрү аныктала элек. 15.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-15T12:03+0600
2022-07-15T12:03+0600
2022-07-15T12:03+0600
дүйнөдө
шку
саммит
катышуу
башкы катчы
https://sputnik.kg/img/07e6/07/0f/1066091186_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_77d17b68524a704acf14bf38bbda0eed.jpg
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген бардык сегиз мамлекеттин лидерлери сентябрда Самаркандда (Өзбекстан) өтө турган саммитке катышарын ырастады. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.Бирок азырынча иш-чаранын форматы аныктала элек.Ошондой эле ал баары пандемияга байланыштуу тобокелчиликтерди жакшы түшүнөрүн белгилеп, өткөрүү форматы боюнча так кесе айтуу кыйын экенин билдирди. Бирок бардык тараптар позитивдүү карап жатканына токтолду.ШКУ — 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Шанхай кызматташтык уюмуна учурда Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Байкоочулар — Афганистан, Беларусь, Иран жана Монголия. Өнөктөш өлкөлөр — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия, Шри-Ланка.Душанбе шаарында 2021-жылы сентябрда өткөн саммитте Иранды аталган уюмга кабыл алуу боюнча иштер башталган. Андан сырткары, өнөктөш макамын Египет, Катар жана Сауд Арабиясына берүү талкууланган.
https://sputnik.kg/20220713/borbor-aziya-olkolorunun-prezidentteri-21-iyulda-cholpon-atada-zholugat-1066059062.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/0f/1066091186_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_e2cb992deb3465d181362892d876f508.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, шку, саммит, катышуу, башкы катчы
дүйнөдө, шку, саммит, катышуу, башкы катчы
Баш катчы ШКУ саммитине мүчө өлкөлөрдүн баары катышарын ырастады
Азырынча иш-чаранын кандай форматта өтөрү аныктала элек.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген бардык сегиз мамлекеттин лидерлери сентябрда Самаркандда (Өзбекстан) өтө турган саммитке катышарын ырастады. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы маалымат жыйында билдиргенин
РИА Новости жазды.
Бирок азырынча иш-чаранын форматы аныктала элек.
"Өткөрүү форматы тууралуу айта турган болсок, учурда бардык тараптар иш эффективдүүрөөк болушу үчүн салттык режимге кайтууга үмүттөнүп жатышат", — деди башкы катчы Кытай лидери Си Цзиньпин жеке өзү келип катышабы деген суроого жооп берип жатып.
Ошондой эле ал баары пандемияга байланыштуу тобокелчиликтерди жакшы түшүнөрүн белгилеп, өткөрүү форматы боюнча так кесе айтуу кыйын экенин билдирди. Бирок бардык тараптар позитивдүү карап жатканына токтолду.
ШКУ — 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Шанхай кызматташтык уюмуна учурда Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Байкоочулар — Афганистан, Беларусь, Иран жана Монголия. Өнөктөш өлкөлөр — Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия, Шри-Ланка.
Душанбе шаарында 2021-жылы сентябрда өткөн саммитте Иранды аталган уюмга кабыл алуу боюнча иштер башталган. Андан сырткары, өнөктөш макамын Египет, Катар жана Сауд Арабиясына берүү талкууланган.