https://sputnik.kg/20220827/chatkaldan-lexus-menen-1-5-kg-altyndy-alyp-chygyp-baratyshkan-1067259613.html
Чаткалдан Lexus менен 1,5 кг. алтын алып чыгып баратышкан. УКМК кармаган видео
Чаткалдан Lexus менен 1,5 кг. алтын алып чыгып баратышкан. УКМК кармаган видео
Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз жасалган иштерден улам мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтирилгендиги аныкталган. 27.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-27T16:38+0600
2022-08-27T16:38+0600
2022-08-27T16:51+0600
кыргызстан
жалал-абад облусу
чаткал
алтын
мыйзамсыз
кылмыш
укмк
https://sputnik.kg/img/07e5/09/16/1053995216_0:159:3076:1889_1920x0_80_0_0_b68bd5826d1130c17e00dc7472047a46.jpg
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Чаткал районунда алтын казган компаниядан мыйзамсыз алынган 1,5 килограмм алтынды алып чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты."О.Т." фирмасы алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө, алтынды казып алуу боюнча лицензияда көрсөтүлгөн аянттын чегин бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу автоунааларды токтотуучу жай катары колдонуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган.Мындан сырткары, "О.Т." ЖЧКнын кызматкерлеринин эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төкпөй мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып, ал ишке бөгөт коюлганы айтылды.2022-жылдын 26-августунда Чаткал — Бишкек багытында бара жатканда "Сосновка" постунан Lexus GX 470 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Анын салонундагы аталган ЖЧКнын жетекчиси жана анын кызматкерлери 1,5 килограммга жакын, мыйзамсыз казылган алтынды ташып бара жатканы аныкталган.Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында "О.Т." компаниясынын башкы директору КР жараны Д.Т.Э. кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык УКМКнын Жалал-Абад областындагы тергөө камак жайына киргизилген.Аталган ведомвстводон учурда тергөө иштери уланып жатканын билдиришти.
https://sputnik.kg/20220823/infokom-kyzmatker-para-1067094383.html
жалал-абад облусу
чаткал
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/16/1053995216_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_fd270384f3fad10fdcdb15cff13c882b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жалал-абад облусу, чаткал, алтын, мыйзамсыз, кылмыш, укмк
кыргызстан, жалал-абад облусу, чаткал, алтын, мыйзамсыз, кылмыш, укмк
Чаткалдан Lexus менен 1,5 кг. алтын алып чыгып баратышкан. УКМК кармаган видео
16:38 27.08.2022 (Жаңыртылды: 16:51 27.08.2022) Мыйзамсыз жасалган иштерден улам мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтирилгендиги аныкталган.
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Чаткал районунда алтын казган компаниядан мыйзамсыз алынган 1,5 килограмм алтынды алып чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"УКМКнын Жалал-Абад областындагы башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине иш козгоду. Алар "О.Т." ЖЧКсынын кызматкерлери менен биргеликте алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн", — деп айтылган билдирүүдө.
"О.Т." фирмасы алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө, алтынды казып алуу боюнча лицензияда көрсөтүлгөн аянттын чегин бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу автоунааларды токтотуучу жай катары колдонуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган.
Мындан сырткары, "О.Т." ЖЧКнын кызматкерлеринин эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төкпөй мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып, ал ишке бөгөт коюлганы айтылды.
2022-жылдын 26-августунда Чаткал — Бишкек багытында бара жатканда "Сосновка" постунан Lexus GX 470 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Анын салонундагы аталган ЖЧКнын жетекчиси жана анын кызматкерлери 1,5 килограммга жакын, мыйзамсыз казылган алтынды ташып бара жатканы аныкталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында "О.Т." компаниясынын башкы директору КР жараны Д.Т.Э. кармалып, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык УКМКнын Жалал-Абад областындагы тергөө камак жайына киргизилген.
Аталган ведомвстводон учурда тергөө иштери уланып жатканын билдиришти.