Жапаров сыйлыктар боюнча жарлыктарга кол койду. Кайсы наамдар берилди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров
Жазылуу
Сыйлык алгандардын тизмеси 41 барактан турат.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Алар социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү ири жетишкендиктери үчүн, ошондой эле өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата сыйланышат.
Кыргызстандык атактуулардын тизмеси 41 барактан турат. Аны менен мамлекет башчысынын сайтынан тааныша аласыз. Тизмеде коомдук жана саясий ишмерлер, ишкерлер, искусство өкүлдөрү жана башкалар бар.
Кайсы сыйлыктар тууралуу сөз болууда:
I, I I, I I I даражадагы Манас ордени;
Даңк ордени;
Достук ордени;
Эрдик медалы;
КР эл артисти;
КР эл жазуучусу;
КР эмгек сиңирген артисти;
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер;
КР эмгек сиңирген дарыгери;
КР Саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери;
КР эмгек сиңирген мугалими;
КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер;
КР илимине эмгек сиңирген ишмер;
КР эмгек сиңирген куруучусу;
КР эмгек сиңирген юристи;
КР эмгек сиңирген экономисти;
Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген ишмер;
КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген ишмер;
КР жаратылышты коргоого эмгек сиңирген ишмери;
КР өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер;
КР байланышка эмгек сиңирген ишмер;
КР айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер
КР калкын тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер;
КР транспортуна эмгек сиңирген ишмер;
КР дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер;
КР Ардак грамотасы.