00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутаттар айлыгын көбөйтүп, фонддогу акчасын эки эсе жогорулатканы белгилүү болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутаттар жыйын учурунда. Архив
Депутаттар жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Жазылуу
Мындан ары парламентарийлер ай сайын ар кандай чыгымдары үчүн 80 миң сом ала баштайт.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өз фондуна каралган каражатты эки эсе көбөйтүү жана маянасын жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына парламенттеги ишенимдүү адамдар билдирди.
Учурда региондорго барууга транспорт чыгымы, кагаз-калем алуу сыяктуу муктаждыктарына деп ар бир депутаттын фондуна 40 миң сомдон берилет. Эми аны 80 миң сомго көтөрүү чечими кабыл алынды. Эл өкүлдөрү маяналарын дагы жогорулатууну чечишкен, бирок суммасы азырынча белгисиз.
Белгилей кетсек, шаршемби күнү депутаттар кызматтык колдонуудагы купуя документтер келип түшкөнүн айтып, жабык эшик артында жыйын өткөргөн болчу. Аталган маселелер ошондо каралып, регламентке киргизүү боюнча токтом кабыл алынганы айтылды.
Маалыматты эл өкүлү Дастан Бекешев тастыктап, азыркы фонд муктаждыктарга жетпей жатканын белгиледи.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
"Бизге шайлоочулар тигини-муну кылып бер деп өтө көп кайрылышат. Бирок, ишенесизби, бизде бир дагы бюджет жок, фонд эле бар. Мисалы, шаардык кеңештин депутаттарына бир жылга 4 миллион сом берилет. Аны эч ким билбейт. Мисалы, мен коомдук кабылдамамды өзүм ремонт кылдым. Ал жерге коомдук жардамчы алып отургузайын деп жатам. Эми 10 миң сом берсең эч ким келбейт да. Бул маяна эмес, ар кандай чыгымдарга берилет. Мисалы, Оштон шайланган депутаттар шайлоочулары менен жолукса авиабилет алганга, бензинине деп каралган. Ал эми айлык акыны жогорулатуу тууралуу билбейт экенмин", — деди Бекешев.
Ал эми депутат Эмил Токтошев жабык эшик артында өткөн жыйынга катышпаганын, бирок кесиптештеринен угуп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, учурда ЖК төрагасы 30 миң, орун басарлары 27 миң, фракция лидерлери менен тармактык комитеттин төрагалары 26 миң, депутаттар 25 миң сом маяна (оклад) алат. Иш тажрыйбасына, класстык чинине карап дагы кошумча төлөнөт.
© Фото / Даниил СулаймановПрезиденттин жарлыгынан кийин ЖК депутаттарынын маянасы канчага кыскарат
Президенттин жарлыгынан кийин ЖК депутаттарынын маянасы канчага кыскарат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Президенттин жарлыгынан кийин ЖК депутаттарынын маянасы канчага кыскарат
Өткөн жылдын 2-декабрында президент Садыр Жапаров эл өкүлдөрүнүн маянасын азайтуу боюнча жарлык чыгарганы маалымдалган. Кийинчерээк 500 сомго гана азайганы белгилүү болгон.
Toyota Camry автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2022
Жогорку Кеңештеги аял депутаттарга кызматтык автоунаа берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0