00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жусумамбетова: "Түндүк" жаран карызын текшере алчу кызматты ишке киргизди

© Sputnik / Асель СыдыковаСанариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Рахат Жусумамбетова
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Түндүк мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Рахат Жусумамбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
Жазылуу
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Рахат Жусумамбетова аталган мекеме карызынын бар-жогун сот аткаруучулар аркылуу текшерүү кызматын ишке киргизгенин айтты.
Жол кыймылынын эрежелерине ылайык, административдик айыптар боюнча карыздын жана карыздын башка түрлөрүнүн болушу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камакка алууга, саякатка чыгууга чектөө коюуга, банктык эсептерди жабууга, ошондой эле мыйзамда каралган башка жоопкерчиликке тартууга алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу айып пулу бар жарандар жаңы кызмат аркылуу иштин абалы менен оңой тааныша алышат. Бул тууралуу Рахат Жусумамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жусумамбетова: "Түндүк" жаран карызын текшере алчу кызматты ишке киргизди
Анын айтымында, жарандар аталган электрондук кызмат аркылуу соттолбогондугу жөнүндө маалым кат ала алат.
"2022-жылдын июнь айында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Түндүк" мамлекеттик мекемесинде "Сот аткаруучулар аркылуу карыздарды текшерүү" жаңы кызматын ишке киргизди. Бул демилгенин аркасында жарандар электрондук форматта маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мисалы, жаран башка өлкөгө учарда анын мамлекетке карызы бар-жогун текшерсе болот. Кызмат мамлекеттик порталдын бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү. Порталга катталгандар карыз текшерүүдө аткаруу ишинин номери, иш жайгашкан соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн (САКБ) аталышы жана анын дареги боюнча маалымат берет. Ал эми каттоодон өткөн колдонуучулар карыздар жөнүндө кененирээк маалымат ала алат. Мисалы, карызкордун толук аты-жөнү, соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн аттары, анын дареги, аткаруу номери, сот аткаруучунун телефон номери жана сот аткаруучунун кызматы тууралуу маалымат берилет. Каттоодон өтүү жана кызматтарды алуу үчүн жарандар Калкты тейлөө борборуна келип, булуттагы электрондук кол тамгаларды бекер алышы керек. Андан кийин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталына катталып же атайын мобилдик тиркемени колдонсоңуз болот. Бүгүнкү күндө портал кызматтын 134 түрүн көрсөтөт. Алардын арасында акы төлөнүүчү кызматтар бар. Бул — соттолбогондугу жөнүндө маалым катты тезинен алуу кызматы", — деди Жусумамбетова.
Ал мамлекеттик порталда кызмат көрсөтүүлөрдүн жана кызматтардын спектрин кеңейтүү жарандардын кагаз түрүндөгү маалым каттарды жана документтерди алуу убактысын жана чыгымдарын азайтарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0