00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Европанын бир катар өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады

© Sputnik / Александр Патрин / Медиабанкка өтүүТаш көмүр. Архив
Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Жазылуу
Румыния, Польша, Кытай, Түркия, Грузия жана Латвия Кыргызстандын таш көмүрүн биринчи ирет алып жатат.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Кыргызстан 825 миң тонна күрөң жана таш көмүр сатты. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитет  маалымдады.
Таш көмүрү тууралуу
Отчеттук мезгилде 394,3 миң тонна таш көмүр 14 миллион долларга сатылган.
Импорттогон өлкөлөр:
Өзбекстан — 313,1 миң тонна;
Румыния — 38,6 миң;
Польша —17,1 миң;
Кытай — 9,5 миң;
Түркия — 9 миң;
Грузия — 5,2 миң;
Латвия — 1,8 миң;
Чехия — 20 миң.
Өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу быйыл 80 миң тоннага көп экспорттолгон. Статком алуучу өлкөлөр тууралуу 2018-жылдан берки маалыматтарды чыгарып келет. Ага ылайык, буга чейин Румыния, Польша, Кытай, Түркия, Грузия жана Латвия Кыргызстандын таш көмүрүн алчу эмес. Кытай күрөң көмүр гана импорттоп турган.
Күрөң көмүр тууралуу
Сегиз айда 431,7 миң тонна күрөң көмүр сатылган, анын баасы 13 миллион долларды түзөт.
Өзбекстан — 391,6 миң тонна;
Кытай — 40 миң тонна;
Пакистан — 83 тонна;
Афганистан — 50,2 тонна;
Түркия — 0,1 тонна.
Россия — көлөмү өтө аз болгондуктан салмагы жазылган эмес, бирок баасы 800 долларды түзгөн.
Былтыр ушул эле мезгил ичинде сатылган көлөмдү салыштырганда быйыл 78 миң тоннага көбөйгөн.
Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2022
Көмүрдү 4 800 сомдон кымбат саткандар болсо чалгыла! "Кыргыз көмүрдүн" эскертүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0