https://sputnik.kg/20221114/aksh-turkiya-terakt-iim-bashchy-1069958267.html
Түркиянын министри АКШнын Стамбулдагы теракт боюнча позициясын сындады
Түркиянын министри АКШнын Стамбулдагы теракт боюнча позициясын сындады
Sputnik Кыргызстан
АКШнын реакциясына Анкара эмне себептен нааразы болуп жатканын ИИМ башчысы так айткан эмес. 14.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-14T12:36+0600
2022-11-14T12:36+0600
2022-11-14T12:39+0600
түркия
акш
көңүл айтуу
теракт
реакция
иим
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/0e/1069958423_0:89:2857:1696_1920x0_80_0_0_a6a7e9cca533e0c1b141e62bf9940a5a.jpg
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Түркиянын ИИМ башчысы Сулейман Сойлу Стамбулдагы терактыга жасаган АКШнын реакциясын сындады. Бул тууралуу Anadolu басылмасына таянып РИА Новости жазды.Сойлу союздаш делген мамлекеттин "чын жүрөктөн көңүл айтпаганы ачык эле көрүнүп калганын" белгилеген.АКШнын реакциясына Анкара эмне себептен нааразы болуп жатканын ИИМ башчысы так айткан эмес.Буга чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер АКШ Стамбулда болгон зомбулук актыны катуу айыптаарын белгилеп, жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айткан.Эске салсак, 13-ноябрда саат 16:00дөн оой Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири — Истиклалда жарылуу болуп, ал алты адамдын өмүрүн алган. Кырсыктан жабыркагандардын саны 80ден ашканы айтылууда. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын белгилеген. Буга чейинки маалыматта Түркия лидери жардыруунун жасалышына аялдын катыштыгы бар деген маалыматтар түшүп жаткандыгын айткан эле. Окуядан көп өтпөй көчөгө бомба таштап кетиши мүмкүн деген аял кармалганы кабарланган.
https://sputnik.kg/20221114/stambuldagy-teraktydan-zhabyrlangandar-arasynda-kyrgyzstandyktar-zhok-1069952072.html
түркия
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/0e/1069958423_15:0:2746:2048_1920x0_80_0_0_275873adf4641d4279aa5cbe2353a0ec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
түркия, акш, көңүл айтуу, теракт, реакция, иим
түркия, акш, көңүл айтуу, теракт, реакция, иим
Түркиянын министри АКШнын Стамбулдагы теракт боюнча позициясын сындады
12:36 14.11.2022 (Жаңыртылды: 12:39 14.11.2022) АКШнын реакциясына Анкара эмне себептен нааразы болуп жатканын ИИМ башчысы так айткан эмес.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Түркиянын ИИМ башчысы Сулейман Сойлу Стамбулдагы терактыга жасаган АКШнын реакциясын сындады. Бул тууралуу Anadolu басылмасына таянып
РИА Новости жазды.
"Жардырууну жасаган адам кырсык болгон жерге биринчилерден келди деген маанидеги АКШнын көңүл айтуусун карап чыгуу керек деп ойлойм. Бул жакын арада белгилүү болот", — деген ал.
Сойлу союздаш делген мамлекеттин "чын жүрөктөн көңүл айтпаганы ачык эле көрүнүп калганын" белгилеген.
"Алар бизге дос болуп көрүнгүсү келет, бардык террорчуларды же өз өлкөсүндө катып жатат, же өздөрү башкарган мамлекеттерде террорчулардын жашоосуна уруксат берип, жеке сенаттары аркылуу аларга акча жөнөтүп турушат", — деген министр.
АКШнын реакциясына Анкара эмне себептен нааразы болуп жатканын ИИМ башчысы так айткан эмес.
Буга чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер АКШ Стамбулда болгон зомбулук актыны катуу айыптаарын белгилеп, жакындарын жоготкондорго терең кайгыруу менен көңүл айткан.
Эске салсак, 13-ноябрда саат 16:00дөн оой Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири — Истиклалда жарылуу болуп, ал алты адамдын өмүрүн алган. Кырсыктан жабыркагандардын саны 80ден ашканы айтылууда. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын белгилеген. Буга чейинки маалыматта Түркия лидери жардыруунун жасалышына аялдын катыштыгы бар деген маалыматтар түшүп жаткандыгын
айткан эле. Окуядан көп өтпөй көчөгө бомба таштап кетиши мүмкүн деген аял кармалганы кабарланган.
14 Жетинин айы 2022, 09:34