https://sputnik.kg/20221226/tatikovdun--1071483636.html
Пиво эле ичкем. Министрдин орун басары Татиковдун кайгуулчуларга түшкөн видеосу
Пиво эле ичкем. Министрдин орун басары Татиковдун кайгуулчуларга түшкөн видеосу
Sputnik Кыргызстан
Аткаминердин автоунаасы айып короого киргизилип, 17 500 сом айып салынган. 26.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-26T11:00+0600
2022-12-26T11:00+0600
2022-12-26T11:00+0600
кыргызстан
окуялар
руслан татиков
автоунаа
ичимдик
видео
https://sputnik.kg/img/104679/33/1046793335_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_7ed8efc573b3fcb9615c6a5d5874fea9.jpg
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков ичимдик ичип алып унаа айдап баратканы аныкталды. Аталган видеону NewTv Патруль каналы жарыялаган.Аткаминердин унаасын токтоткондон кийин анын жубайы чуу салып, аларды камерага тартпашын талап кылган. Ал өзү гана мас экенин, күйөөсү ичпегенин айтып жаткан. Сөз учурунда аялы журналисттерди "эртең мага чөгөлөп келип кечирим сурайсыңар" деп каарын төккөн.Ал эми Татиков кайгуул милициянын кызматкерлерине телефон сунуп "бул сенин начальнигиң, сүйлөшүп кой" деп айткан. Буга карабай инспекторлор унаасын айып короого, өзүн наркологияга алып барган. Ал жерге баргандан кийин аткаминердин ичимдик ичкени аныкталган. Ошол учурда ал "пиво эле ичкем, көрүп жатпайсыңарбы мас эмесмин" деп актанып кирген.Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын маалымат кызматы аталган окуя 22-декабрга караган түнү рейд учурунда болгонун тастыктады. Аны менен катар министрдин орун басарынын автоунаасы айып короого киргизилип, 17 500 сом айып салынганын билдирди.Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бул окуя боюнча Руслан Татиков менен байланышканда жыйында экенин айтып, бир аздан кийин жооп берүүнү убадалады.
https://sputnik.kg/20221207/zhol-erezhesi-ayyp-pul-zhogorulatuu-aydoochuluk-kuboluk-1070768409.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104679/33/1046793335_281:0:3012:2048_1920x0_80_0_0_ce4f8ee3b36db66c523e82a536501817.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, окуялар, руслан татиков, автоунаа, ичимдик, видео
кыргызстан, окуялар, руслан татиков, автоунаа, ичимдик, видео
Пиво эле ичкем. Министрдин орун басары Татиковдун кайгуулчуларга түшкөн видеосу
Аткаминердин автоунаасы айып короого киргизилип, 17 500 сом айып салынган.
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Финансы министринин орун басары Руслан Татиков ичимдик ичип алып унаа айдап баратканы аныкталды. Аталган видеону NewTv Патруль каналы жарыялаган.
Аткаминердин унаасын токтоткондон кийин анын жубайы чуу салып, аларды камерага тартпашын талап кылган. Ал өзү гана мас экенин, күйөөсү ичпегенин айтып жаткан. Сөз учурунда аялы журналисттерди "эртең мага чөгөлөп келип кечирим сурайсыңар" деп каарын төккөн.
Ал эми Татиков кайгуул милициянын кызматкерлерине телефон сунуп "бул сенин начальнигиң, сүйлөшүп кой" деп айткан. Буга карабай инспекторлор унаасын айып короого, өзүн наркологияга алып барган. Ал жерге баргандан кийин аткаминердин ичимдик ичкени аныкталган. Ошол учурда ал "пиво эле ичкем, көрүп жатпайсыңарбы мас эмесмин" деп актанып кирген.
Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын маалымат кызматы аталган окуя 22-декабрга караган түнү рейд учурунда болгонун тастыктады. Аны менен катар министрдин орун басарынын автоунаасы айып короого киргизилип, 17 500 сом айып салынганын билдирди.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бул окуя боюнча Руслан Татиков менен байланышканда жыйында экенин айтып, бир аздан кийин жооп берүүнү убадалады.