00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:05
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Амираев: улуттук курулуш нормаларын жаӊылоо — учурдун талабы

© Sputnik / Асель СыдыковаАрхитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба  агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2022
Жазылуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү, мониторинг бөлүмүнүн башчысы Максат Амираев имараттардын минималдуу энергетикалык класска (В класс) жооп бериши курулуш тармагынын негизги максаты экенин айтты.
Кыргызстанда "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" мыйзам 2011-жылдан бери иштеп келет. Ал эми 2013-жылы иштелип чыккан Кыргызстандын курулуш нормаларына ылайык, салына турчу долбоорлор экспертизадан өтүп, корутунду чыгарылып, талапка жооп берсе курулат. Бул тууралуу Максат Амираев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Амираев: улуттук курулуш нормаларын жаӊылоо — учурдун талабы
Анын айтымында, азыр улуттук курулуш нормаларын иштеп чыгуу жана кайра карап чыгуу маселелери өзгөчө актуалдуу болууда.
"Учурда энергияны үнөмдөөчү элементтерди киргизүү менен "Көп батирлүү турак жайларды" куруунун улуттук нормасы иштелип чыгууда. Азыркы жана жаңы турак жай имараттары үчүн энергияны үнөмдөөнүн параметрлерин жакшыртууга басым жасалууда. Климаттык технологиялар борбору жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргелешип "От казандарды орнотуу" жана "Жылуулук, желдетүү жана абаны тазалоо" курулуш нормалары жакшыртылып жана бекитилди. Аткарылган иштер имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуунун эсебинен өлкөнүн энергияны керектөөсүн болжол менен 20 пайызга кыскартууга жардам берет. Имараттардын энергетикалык майнаптуулугу абдан маанилүү. Бул экономикага, экологияга, ошол эле шаар ичиндеги ыш маселесине да түздөн-түз таасир этүүчү фактор. Мамкурулуш агенттиги энергияны үнөмдөө саясатынын алгачкы этаптарын ишке ашырууну ийгиликтүү аткарды. Бүгүнкү күндө энергетикалык аудиторлорго 27 сертификат берилди. Бул багыттагы иштер дагы да улантылат", — деди Амираев.
Ал өлкөдөгү имараттардын жылуулукту чыгарбай, өзүнө кандай кармап тура алары текшерилип, сертификациядан өтүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0