https://sputnik.kg/20230221/tashiev-dubaydagy-zholugushuu-atambaevdin-boshotulushu-1073047439.html
Ташиев Дубайдагы жолугушуу жана Атамбаевдин бошотулушу боюнча пикирин айтты
Ташиев Дубайдагы жолугушуу жана Атамбаевдин бошотулушу боюнча пикирин айтты
Sputnik Кыргызстан
Ташиев кимде-ким ызы-чуу салууну, төңкөрүш кылууну көздөп жатса ал оюнан кайтууга кеңеш берди. 21.02.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-02-21T17:32+0600
2023-02-21T17:32+0600
2023-02-21T17:33+0600
кыргызстан
саясат
камчыбек ташиев
укмк
төрага
жолугушуу
экс-президент
колдоо
https://sputnik.kg/img/07e7/01/0e/1072018825_0:72:1080:680_1920x0_80_0_0_090a092890b6e284ac2bacb6b9be7c8e.jpg
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Дубайдагы жолугушуу жана Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча пикирин билдирди.Ал мамлекет башчы Садыр Жапаровдун экс-президенттерди бир дасторконго чогултканын колдой турганын айткан.Аны менен катар УКМК төрагасы кимде-ким ызы-чуу салууну, төңкөрүш кылууну көздөп жатса ал оюнан кайтууга кеңеш берди.Мындан сырткары, ал Атамбаевдин абактан чыгышына анын тиешеси жоктугун белгиледи."Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден соолук калайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми. Кээ бир адамдар "ушуну Камчыбек Ташиев демилгеледи" деп чыгышты. Менин Испанияда жерим, үйүм бар экенин, Атамбаев менен биригип, сүйлөшүп алып жатканымды жазышты. Мунун баары албетте, суу кечпеген нерсе, калп", — деди УКМК төрагасы.Ал эми 17 жаштагы уулу Испаниядагы футбол клубунда машыгып жаткандыктан жубайы менен бир кызы анын жанында экенин айтты. Чоңдордон бирөө жанында болушун клуб талап кылганын билдирди.
https://sputnik.kg/20230221/atambaev-menen-zheenbekov-eldeshti-1073031946.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/0e/1072018825_195:67:976:653_1920x0_80_0_0_175f32c9e1903208a224af9fd1731332.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, камчыбек ташиев, укмк, төрага, жолугушуу, экс-президент, колдоо
кыргызстан, саясат, камчыбек ташиев, укмк, төрага, жолугушуу, экс-президент, колдоо
Ташиев Дубайдагы жолугушуу жана Атамбаевдин бошотулушу боюнча пикирин айтты
17:32 21.02.2023 (Жаңыртылды: 17:33 21.02.2023) Ташиев кимде-ким ызы-чуу салууну, төңкөрүш кылууну көздөп жатса ал оюнан кайтууга кеңеш берди.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Дубайдагы жолугушуу жана Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу боюнча пикирин билдирди.
Ал мамлекет башчы Садыр Жапаровдун экс-президенттерди бир дасторконго чогултканын колдой турганын айткан.
"Садыр Нургожоевичтин бул кадамына тарых өз баасын берет. Себеби, кеп мамлекетибиздин келечеги жөнүндө болуп, жалпы биримдигибиз аркылуу өнүгүүгө карай кадам жасап жатабыз. Ооба, бул маселеге кимдер гана кайрылып, көз карашын айткан жок. Ал ар бир жараныбыздын жеке пикири жана укугу. Бирок, мен бир гана нерсени баса белгилегим келет, мунун баары кандайдыр бир пиар же заматта эффект жаратыш үчүн жасалган жок. Мен башынан билген адам катары айтып жатам. Бул — даанышмандык, айкөл кадам убакыттын өтүшү менен туура бааланарына ишенем. Жалпысынан айтканда, бул тема менен чагымчылдык кылуу туура эмес. Ал өз элинин уулу, калкка кызмат кылат, өлкөбүздүн кызыкчылыгын биринчи орунга коёт", — деди Ташиев.
Аны менен катар УКМК төрагасы кимде-ким ызы-чуу салууну, төңкөрүш кылууну көздөп жатса ал оюнан кайтууга кеңеш берди.
Мындан сырткары, ал Атамбаевдин абактан чыгышына анын тиешеси жоктугун белгиледи.
"Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден соолук калайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми. Кээ бир адамдар "ушуну Камчыбек Ташиев демилгеледи" деп чыгышты. Менин Испанияда жерим, үйүм бар экенин, Атамбаев менен биригип, сүйлөшүп алып жатканымды жазышты. Мунун баары албетте, суу кечпеген нерсе, калп", — деди УКМК төрагасы.
Ал эми 17 жаштагы уулу Испаниядагы футбол клубунда машыгып жаткандыктан жубайы менен бир кызы анын жанында экенин айтты. Чоңдордон бирөө жанында болушун клуб талап кылганын билдирди.
21 Бирдин айы 2023, 12:08