БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Милиция Ош шаарында таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз саткан дарыканалар тармагын аныктаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтан аталган препараттардын рецепти жок сатылып келгенин айтышкан.Милиция 32 жаштагы А. А. жана 35 жаштагы К. М. аттуу сатуучуларды кармап, тергөө кызматына жеткирген. Бардыгы болуп психотроптук заттарды камтыган 94 капсула, 82 флакон дары-дармек алынган.
Милиция 32 жаштагы жана 35 жаштагы эки сатуучу аялды кармап, тергөө кызматына жеткирген.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Милиция Ош шаарында таасири күчтүү дары-дармектерди мыйзамсыз саткан дарыканалар тармагын аныктаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Милиция 32 жаштагы А. А. жана 35 жаштагы К. М. аттуу сатуучуларды кармап, тергөө кызматына жеткирген
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтан аталган препараттардын рецепти жок сатылып келгенин айтышкан.
"Мындан тышкары, борбордук базардын аймагында жайгашкан дарыкананын бул дары-дармектерди сатууга лицензиясы жок экендиги аныкталган. Препараттар жеке пайда алуу максатында коңшу дарыканадан алынган", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Милиция 32 жаштагы А. А. жана 35 жаштагы К. М. аттуу сатуучуларды кармап, тергөө кызматына жеткирген. Бардыгы болуп психотроптук заттарды камтыган 94 капсула, 82 флакон дары-дармек алынган.