00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алтын-күмүш, апийим, дары-дармекти кыргыздар кантип өлчөгөн?

Алтын-күмүш, апийим, дары-дармекти кыргыздар кантип өлчөгөн?

Көчмөн турмушта кыргыздар бийиктикти, салмакты түрдүү эсептеп, жашоосунда аларды кеңири колдонгон. Айрымдары салыштырмалуу айтылган. Унутулуп бара жаткан бирдиктерди Sputnik Кыргызстан агенттиги толук чечмелеп берүүгө аракет кылды.
Көчмөн турмушта кыргыздар бийиктикти, салмакты түрдүү эсептеп, жашоосунда аларды кеңири колдонгон. Айрымдары салыштырмалуу айтылган. Унутулуп бара жаткан бирдиктерди Sputnik Кыргызстан агенттиги толук чечмелеп берүүгө аракет кылды.
Тизе бою — адамдын тизесине чейинки бийиктик. Болжол менен жарым метр;

Тушар — жерден жылкы туягынын тушала турган жерине чейинки бийиктик. Болжол менен 15-20 сантиметр;

Камчы бою — метрдин 3/4 бөлүгү же 75 сантиметр;

Кереге бою — киши боюндай, болжол менен 1,5-1,8 метр;

Укурук бою — болжол менен 3 метр;

Аркан бою — болжол менен төрт-беш метр. Кыргызда "күн аркан бою көтөрүлүп калды" же "шашке маал болуп калды" деп да айтышкан.
Мыскал, ашмүшке, пайса, зээр түшүнүктөрү өтө аз салмактагы баалуу асыл таш, дары-дармек, апийим, чайды өлчөө бирдиги болгон.
Мыскал — 4,2-5 грамм же жүз даана арпа даны;

Зээр — 49,2 грамм;

Байса, пайса — 50 грамм;
Кадак — 409,5 грамм, бул сөз жергиликтүүлөр арасында совет бийлиги орногонго чейин кеңири колдонулган;

Жың — 600 грамм;

Чексе — 5-6 килограмм. Ошондой эле мурун дарыгердин дары салган баштыгын да чексе дешкен;

Чейрек — 4-6 килограмм;

Баштык – 10-12 килограмм;

Батман — 65,5 килограммдан 262 килограммга чейин салмак. Аны кыргыздар Октябрь революциясына чейин кеңири колдонгон.

Ошондой эле кыргыздар күнүмдүк турмушунда кыпындай, таруудай, тырмактын агындай, кенедей, бармактай, чыпалактай, буурчактай, буудайдай, койдун корголундай, бармак басым, бир чымчым, бир кочуш, бир ууч, кош ууч, бир тутам, бир чөйчөк, алакандай, бир аш кашык, бир чай кашык, бир чөмүч, бир кесим, бир кап, бир этек, бир ороо, бир челек өлчөмдөрүн кеңири колдонгон.

Эскертүү: кээде айрым бирдиктер ар кайсы аймакта түрдүү салмакта эсептелген. Мисалы, чейрек Таласта төрт килограмм болсо, Кыргызстандын түштүк аймактарында алты килограммды чейрек дешкен.
  • Кыргыздар жаргылчакты эмне максатта кантип колдонгон?
    Кыргыз эли күнүмдүк жашоо турмушунда жаргылчактын жардамы менен жасалган азыктарды кеңири пайдаланган. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул буюм тууралуу инфографика сунуштайт.
  • Бешик жана анын тарыхы
    Бешик жасала баштаганда биринчи жыгачынан баштап, бала уктаганга чейинки ар бир кыймыл-аракет каалоо-тилек, бата менен коштолот.
  • Кыргыз аялдары ийикти кантип, эмнеге колдонушкан?
    Ийик — жүн, кебез, жибектен жип ийрүүчү аспап. Аны кыргыздын кыз-келиндери жип ийрип килем, таар, шалча, атка жабуу сыяктуу чарбалык керектүү буюмдарды жасоодо кеңири колдонуп келген.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
Константин Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгү", Э. Нуриев "Кыргыз тилиндеги нумеративдер", Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" китеби

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0