https://sputnik.kg/20230329/bishkek-kyrgyz-orus-forum-1074001939.html
Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны кандай өттү. Видео
Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны кандай өттү. Видео
Sputnik Кыргызстан
Энергетика, мектептер, бизнести өнүктүрүү – ушул жана башка көптөгөн маселелерди бүгүн, 29-мартта, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын делегациялары... 29.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-29T20:58+0600
2023-03-29T20:58+0600
2023-03-29T20:58+0600
кыргызстан
россия
акылбек жапаров
алексей оверчук
экономика
кызматташтык
видео
https://sputnik.kg/img/07e7/03/1d/1074001784_366:764:2649:2048_1920x0_80_0_0_bb21797e683dd61d51be567528ca3bb5.jpg
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйыны өттү. Отурумдун тең төрагалары болуп Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жана Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук катышты.Иш-чаранын катышуучулары өнөр жай, энергетика, каржы, транспорт жана маданий-гуманитардык байланыштардагы кызматташууга байланыштуу көптөгөн маселелерди талкуулашты. Маанилүү билдирүүлөр да айтылды.Акылбек Жапаров Россия менен союздук мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Алексей Оверчук өз кезегинде Кыргызстан Россиянын Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи.Министрлер кабинетинин башчысы эки тараптуу кызматташтыктын потенциалы түгөнгөн жок деп белгиледи. Бул контекстте ал быйылкы X кыргыз-орус аймактар аралык конференцияны ийгиликтүү уюштурууга жана өткөрүүгө ишенимин билдирди.Жапаров келечектүү багыт катары жеңил жана тамак-аш өнөр жайында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле чакан, орто жана ири ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашырууну көрөрүн айтты. Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда бай жаратылыш ресурстары жана жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды колдонууга негизделген өндүрүш чынжырларын түзүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.Дагы бир маанилүү жагдайБелгилүү болгондой, Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы чоң. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында КР энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков Россиядан 875 киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишим бар экенин билдирди. Баасы жана мөөнөтү дагы такталууда, бирок кеп 2023/2024-жылкы жылытуу мезгили тууралуу болуп жатканы белгилүү.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/1d/1074001784_560:756:2283:2048_1920x0_80_0_0_c34eafcaad4640f5a9f940ebe37b6b23.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, акылбек жапаров, алексей оверчук, экономика, кызматташтык, видео, видео
кыргызстан, россия, акылбек жапаров, алексей оверчук, экономика, кызматташтык, видео, видео
Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны кандай өттү. Видео
Энергетика, мектептер, бизнести өнүктүрүү – ушул жана башка көптөгөн маселелерди бүгүн, 29-мартта, Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын делегациялары талкуулашты.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйыны өттү. Отурумдун тең төрагалары болуп Кыргызстандын өкмөт башчысы Акылбек Жапаров жана Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчук катышты.
Иш-чаранын катышуучулары өнөр жай, энергетика, каржы, транспорт жана маданий-гуманитардык байланыштардагы кызматташууга байланыштуу көптөгөн маселелерди талкуулашты. Маанилүү билдирүүлөр да айтылды.
Акылбек Жапаров Россия менен союздук мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Алексей Оверчук өз кезегинде Кыргызстан Россиянын Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи.
Министрлер кабинетинин башчысы эки тараптуу кызматташтыктын потенциалы түгөнгөн жок деп белгиледи. Бул контекстте ал быйылкы X кыргыз-орус аймактар аралык конференцияны ийгиликтүү уюштурууга жана өткөрүүгө ишенимин билдирди.
Жапаров келечектүү багыт катары жеңил жана тамак-аш өнөр жайында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө биргелешкен ишканаларды түзүү, ошондой эле чакан, орто жана ири ГЭСтерди куруу долбоорлорун ишке ашырууну көрөрүн айтты. Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда бай жаратылыш ресурстары жана жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды колдонууга негизделген өндүрүш чынжырларын түзүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар.
Белгилүү болгондой, Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы чоң. Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алкагында КР энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков Россиядан 875 киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча келишим бар экенин билдирди. Баасы жана мөөнөтү дагы такталууда, бирок кеп 2023/2024-жылкы жылытуу мезгили тууралуу болуп жатканы белгилүү.