https://sputnik.kg/20230413/mega-ishkanasynyn-baasy-anyktaldy-1074408067.html
Көз карандысыз компаниялар Mega ишканасынын сатылчу баасын аныктап берди
Көз карандысыз компаниялар Mega ишканасынын сатылчу баасын аныктап берди
Sputnik Кыргызстан
Ведомстволор аралык комиссия сунушталган бааны реалдуу деп тапты. 13.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-13T15:13+0600
2023-04-13T15:13+0600
2023-04-13T15:18+0600
кыргызстан
mega
компания
баалоо
сатуу
жанар акаев
https://sputnik.kg/img/104137/94/1041379482_0:320:4000:2570_1920x0_80_0_0_ae5adabe2598543b9ec79e4bc9b49535.jpg
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Mega соода маркасы менен таанымал "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясы 14,6 миллиард сомго бааланды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.Анын айтымында, кечээ, 13-апрелде, компаниянын 100 пайыздык акциясын баалоону камсыздоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөн."Альфа Телекомдун" базар баасы казакстандык "ААР — Эдвайзори енд Рисерч" концерциуму жана "Терра Консалтинг" көз карандысыз баалоо-консалтинг агенттиги тарабынан аныкталган. Натыйжада 170,3 миллион доллар же 14,6 миллиард сом деп бааланган.Бирок депутат каршы добуш бергенин айтты. Себеби ал бул уюлдук оператордун тагдыры Ширшовдордун колуна өткөнү жатат деп шектенүүдө."Ушинтип бааланып туруп, Mega Мамлекеттик өнүктүрүү банкына берилет. Мен муну менен ишкана Алексей Ширшовдордун колуна биротоло өткөнү калганын сезип жатам. Ушуга карай баратат", — деди депутат.Эске салсак, "Альфа Телеком" ишканасынын 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү. Бийликтин көп жылдар бою компанияны сатуу аракетинен майнап чыкпай, анын баштапкы баасы бир нече жолу (19 миллиард сом жана 13,5 миллиард сом) өзгөргөн.Өткөн жылдын аягында Кыргызстанда "Альфа Телеком" ишканасын сатуу маселеси кайрадан көтөрүлгөн.
https://sputnik.kg/20230119/mega-zheke-kolgo-otpoyt-mamlekettik-menchikte-kalat-1072154397.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104137/94/1041379482_0:0:4000:3000_1920x0_80_0_0_347cd686c2e2df2e45b03539f1d19972.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, mega, компания, баалоо, сатуу, жанар акаев
кыргызстан, mega, компания, баалоо, сатуу, жанар акаев
Көз карандысыз компаниялар Mega ишканасынын сатылчу баасын аныктап берди
15:13 13.04.2023 (Жаңыртылды: 15:18 13.04.2023) Ведомстволор аралык комиссия сунушталган бааны реалдуу деп тапты.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Mega соода маркасы менен таанымал "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясы 14,6 миллиард сомго бааланды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 13-апрелде, компаниянын 100 пайыздык акциясын баалоону камсыздоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өткөн.
"Альфа Телекомдун" базар баасы казакстандык "ААР — Эдвайзори енд Рисерч" концерциуму жана "Терра Консалтинг" көз карандысыз баалоо-консалтинг агенттиги тарабынан аныкталган. Натыйжада 170,3 миллион доллар же 14,6 миллиард сом деп бааланган.
"Ведомстволор аралык комиссиянын курамына ЖКнын бир нече фракциясынан депутаттар кирген. Кечээ Мамлекеттик мүлк фондунда Mega компаниясына баалоо жүргүзгөн көз карандысыз компаниялар отчетун берди. Аны комиссия базар баасына туура келет, реалдуу баа деп колдоп ошол бааны бекитти", — деди Акаев.
Бирок депутат каршы добуш бергенин айтты. Себеби ал бул уюлдук оператордун тагдыры Ширшовдордун колуна өткөнү жатат деп шектенүүдө.
"Ушинтип бааланып туруп, Mega Мамлекеттик өнүктүрүү банкына берилет. Мен муну менен ишкана Алексей Ширшовдордун колуна биротоло өткөнү калганын сезип жатам. Ушуга карай баратат", — деди депутат.
Эске салсак, "Альфа Телеком" ишканасынын 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү. Бийликтин көп жылдар бою компанияны сатуу аракетинен майнап чыкпай, анын баштапкы баасы бир нече жолу (19 миллиард сом жана 13,5 миллиард сом) өзгөргөн.
Өткөн жылдын аягында Кыргызстанда "Альфа Телеком" ишканасын
сатуу маселеси кайрадан көтөрүлгөн.