00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бейөкмөт уюмдар, мигранттар. Шакиев менен Володин Москвада эмнени сүйлөштү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаРоссияга болгон расмий иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Федералдык Жыйындын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту.
Россияга болгон расмий иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Федералдык Жыйындын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
ЖК менен Мамдумадан эки спикер эмне маселелерди талкуулагандыгын кабарлашты.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россияга болгон расмий иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Федералдык жыйындын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлады.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланган.
Шакиев расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Мамдуманын төрагасы Володинге ыраазычылык билдирип, алакаларды арттырууда мындай жолугушуулардын мааниси чоң экенин белгилеген.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев
Визит торага Жогорку Кенеша Нурлана Шакиева в Москву - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев
"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк жылдан-жылга өнүгүп келет. Биз бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз", – деген Шакиев президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Россияга пландалган расмий сапарына карата олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалаган.
Муну менен катар парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган ЖК спикери мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана биргелешкен комиссиялардын деңгээлинде да өнүктүрүү маселесин көтөргөн.
Экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган Шакиев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өткөн жылы 3,2 млрд. долларга жеткенин белгилеген.
"Шакиев түз аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюу жана чек арадагы тоскоолдуктарды азайтуу зарылчылыгына токтолуп, кыргызстандыктар үчүн миграциялык саясатты жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү. Ошондой эле ар кандай себептерден улам Россиянын абак жайларында камалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоого Мамлекеттик думанын төрагасын көмөктөшүүгө чакырды", — деп билдирген ЖКнын маалымат кызматы.
Өз кезегинде Володин да байланыштар жылдан жылга кеңейип жатканын эске салып, Кыргызстанга жасалган тышкы инвестициялардын 36 пайызы россиялык инвесторлорго таандык экенин мисал келтирген. Айрыкча, кыргызстандык эмгек мигранттары өз өлкөсүнө гана эмес, Россиянын экономикасына да чоң салым кошуп жатканын айткан Мамдума төрагасы түз аба каттамдарын көбөйтүү багытындагы сунушту колдой тургандыгын билдирди.
Мамдуманын маалымат кызматы Володин Россия менен Кыргызстандын алакасы стратегиялык мүнөзгө ээ деп белгилегендигин жазган.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин
Визит торага Жогорку Кенеша Нурлана Шакиева в Москву - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин
Володин андан сырткары тарыхый эстеликтерди коргоо, сактоонун маанилүүлүгүн айткан.
"Көз каранды эмес, эгемен мамлекетте жашаган элдин гана келечеги бар", — деген ал.
Мамдума төрагасы КР менен РФ чет элдик кийлигишүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар жаатында тажрыйба алмашууну да белгилеген.
Спикердин айтымында, батыш каржылаган коммерциялык эмес уюмдар ар кыл өлкөлөрдө " суверенитет, мамлекеттүүлүк" деген түшүнүктөрдү жок кылууга аракет кылып келишет". Ал эми бул жаатта Россиянын тажрыйбасы Кыргызстанга пайдалуу болорун айткан.
Президент Садыр Жапаров жана Россия лидери Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Садыр Жапаровдун Москвага болчу сапарында эмне талкууланары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0