https://sputnik.kg/20230430/shajyr-kasymalieva-maek-aktrisa-teatr-omur-zhashoo-tagdyr-teatr-1074886307.html
Жарымым, түгөйүм жолуккан жок. Шайыр Касымалиеванын видеомаеги
Жарымым, түгөйүм жолуккан жок. Шайыр Касымалиеванын видеомаеги
Sputnik Кыргызстан
КР эмгек сиңирген артисти менен маек курдук. Сөз арасында актриса улам бир жак жаагын басып, саамга токтоп калып жатты. Муну ал неврит оорусу деп, илдетке 20... 30.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-30T18:30+0600
2023-04-30T18:30+0600
2023-04-30T18:30+0600
кыргызстан
маданият
шайыр касымалиева
маек
жашоо
актриса
театр
турмуш
https://sputnik.kg/img/07e7/04/1e/1074900794_0:0:1281:720_1920x0_80_0_0_8029f98b24f9480fbb08cf4a437d6ed8.png
Касымалиева өткөн жылы Кыргыз драма театрында иштөөнү токтоткон. Ушул тапта ал өзү негиздеген жаш артисттерди даярдоочу "Шайыр" студиясында кызуу эмгектенүүдө. Анда тасма дүйнөсүнө кадам таштоону эңсеген жаштар атактуу актрисадан билим, тажрыйба алышат."Мен 40 жаштан өткөндөн кийин жашоонун ачкычын таап алдым. Ошондон бери депрессияга түшпөй калдым. Азыр мен үчүн жашоо караңгы болбойт, бүдөмүк болбойт. Жеке жашоомо келсем, 18 жашымда турмушка чыктым, кыздуу болдум. Негизи эле бала кезимде да, жаштыгымда да оор турмушту көрдүм", - деген маектешим жолдошу менен төрт жыл жашап, эки жолго түшкөндөн кийин кайра турмуш курбаганын айтып берди.Шайыр Касымалиева 56 жашта, бирок сынынан жазбай сулуу, ажарлуу. Маек арасында мунун сыры менен да бөлүшө кетти.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Кызжибек Раимова
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068644909_339:416:646:723_100x100_80_0_0_05bb8774dbaf7c262e696c2d7b9c3943.jpg
Кызжибек Раимова
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068644909_339:416:646:723_100x100_80_0_0_05bb8774dbaf7c262e696c2d7b9c3943.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/1e/1074900794_87:0:1047:720_1920x0_80_0_0_eb48b6d3982a38e0c9a91d048c7cee42.pngSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Кызжибек Раимова
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/05/1068644909_339:416:646:723_100x100_80_0_0_05bb8774dbaf7c262e696c2d7b9c3943.jpg
кыргызстан, маданият, шайыр касымалиева, маек, жашоо, актриса, театр, турмуш, видео
кыргызстан, маданият, шайыр касымалиева, маек, жашоо, актриса, театр, турмуш, видео
Жарымым, түгөйүм жолуккан жок. Шайыр Касымалиеванын видеомаеги
Эксклюзив
КР эмгек сиңирген артисти менен маек курдук. Сөз арасында актриса улам бир жак жаагын басып, саамга токтоп калып жатты. Муну ал неврит оорусу деп, илдетке 20 жыл мурун кабылганын айтты. Бул ирет биз турмуш, тагдыр, жан дүйнөнүн толгоосу тууралуу көбүрөөк сүйлөштүк.
Касымалиева өткөн жылы Кыргыз драма театрында иштөөнү токтоткон. Ушул тапта ал өзү негиздеген жаш артисттерди даярдоочу "Шайыр" студиясында кызуу эмгектенүүдө. Анда тасма дүйнөсүнө кадам таштоону эңсеген жаштар атактуу актрисадан билим, тажрыйба алышат.
"Мен 40 жаштан өткөндөн кийин жашоонун ачкычын таап алдым. Ошондон бери депрессияга түшпөй калдым. Азыр мен үчүн жашоо караңгы болбойт, бүдөмүк болбойт. Жеке жашоомо келсем, 18 жашымда турмушка чыктым, кыздуу болдум. Негизи эле бала кезимде да, жаштыгымда да оор турмушту көрдүм", - деген маектешим жолдошу менен төрт жыл жашап, эки жолго түшкөндөн кийин кайра турмуш курбаганын айтып берди.
"Колумду сураган жакшы адамдар көп эле болду. Бирок менин "жарымым", түгөйүм чыкпады десем туура болот. Турмушка чыккым келип 40-43 жашка чейин кудайдан тилеп жүрдүм, 45тен өткөндөн кийин эми карыганда бирөөнүн байпагын жууйт элем, тамагын жасайт элем деп убаралангым келбейт дедим", — дейт ал.
Шайыр Касымалиева 56 жашта, бирок сынынан жазбай сулуу, ажарлуу. Маек арасында мунун сыры менен да бөлүшө кетти.