https://sputnik.kg/20230512/kyrgyzstan-ozbekstan-boks-mushker-chempionat-kolo-medal-1075274251.html
Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту
Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер чейрек финалда тажикстандык боксчуну жеңип алган. 12.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-12T22:47+0600
2023-05-12T22:47+0600
2023-05-12T22:47+0600
кыргызстан
өзбекстан
бокс
мушкер
чемпионат
коло
медаль
тарых
https://sputnik.kg/img/07e7/05/0a/1075211758_0:0:3060:1722_1920x0_80_0_0_e086d425813711555512fd069aeaba9e.jpg
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын тарыхында биринчи медалды утту.Өлкөнүн байге куржунуна коло медаль алып келген биринчилик Ташкент шаарында өтүп жатат. Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитети маалымдагандай, бүгүн 1/2 финалда мушкер 57 кг салмакка чейинкилер категориясында өзбекстандык Абдумалик Халоков менен күч сынашып, утулуп калды.Кыргызстандык мушкер чейрек финалда тажикстандык боксчуну жеңип алган.Аталган таймаш Ташкент калаасында 30-апрелде башталган. Булгаары мээлей чеберлеринин күч сынашы 14-майда соңуна чыгат. Кыргызстандын Өзбекстанга аттанган командасында 13 спортчу бар.
https://sputnik.kg/20230512/kok-boru-boyuncha-prezidenttin-kubogu-oshto-otoru-plandaluuda-1075252234.html
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/0a/1075211758_0:0:2716:2037_1920x0_80_0_0_61e53fd237f4f6bb6ff4deeed0c9d031.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өзбекстан, бокс, мушкер, чемпионат, коло, медаль, тарых
кыргызстан, өзбекстан, бокс, мушкер, чемпионат, коло, медаль, тарых
Кыргызстандык боксчу дүйнө чемпионатында тарыхта биринчи ирет медаль утту
Кыргызстандык мушкер чейрек финалда тажикстандык боксчуну жеңип алган.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын тарыхында биринчи медалды утту.
Өлкөнүн байге куржунуна коло медаль алып келген биринчилик Ташкент шаарында өтүп жатат. Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитети маалымдагандай, бүгүн 1/2 финалда мушкер 57 кг салмакка чейинкилер категориясында өзбекстандык Абдумалик Халоков менен күч сынашып, утулуп калды.
Кыргызстандык мушкер чейрек финалда тажикстандык боксчуну жеңип алган.
Аталган таймаш Ташкент калаасында 30-апрелде башталган. Булгаары мээлей чеберлеринин күч сынашы 14-майда соңуна чыгат. Кыргызстандын Өзбекстанга аттанган командасында 13 спортчу бар.