00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Быйыл өлкөдө кызылча көбүрөөк, пахта, төө буурчак азыраак эгилүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жумалиев
Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жумалиев жазгы талаа иштеринин жүрүшү тууралуу айтып берди.
Быйыл кант кызылчасы көбүрөөк эгилсе, төө буурчак менен пахтанын аянты жылдагыдан азыраак болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Россиялык компания жол куруунун жаңы технологиясын сунуштады
Анын айтымында, жазгы талаа иштери дээрлик жыйынтыкталып калды.
"Быйыл жазгы талаа иштери эрте башталган, бирок климатка байланыштуу айдап себүү иштери графиктен бир аз кечеңдеди. Ошентсе дагы учурда жазгы талаа иштери дээрлик жыйынтыкталып, Нарында гана 20-30 пайыздай иш калды. Эң башкысы, дыйкандар кант кызылчасын эгип жетишти. Анын аянты былтыр 9 миң гектар болсо, быйыл 14 миң гектардан ашты. Өзгөчө Таласта көп жылдан бери төө буурчак себилип, монокультура болуп калган. Бул өз кезегинде таасирин тийгизип, биринчиден, үрөндүн сапаты начарлады. Экинчиден, ар кандай топурактын оорулары пайда болуп, түшүмдүүлүк начарлоодо. Ошондуктан министрлик дыйкандар менен иш алып барып, кант кызылчасы 500 гектардан 1000 гектарга жетти. Мындан тышкары, май өсүмдүгүнүн аянты көбөйтүлүп, Таласта майды кайра иштетүүчү ишкана ачылууда. Жыйынтыктар, анан божомолдор боюнча айдап себүү иштери толук бүткөндө так маалымат берилет. Бирок учурдагы ыкчам маалыматтар боюнча, дан эгиндеринин, кызылчанын, жашылчанын аянты көбөйүшү күтүлүүдө. Ал эми төө буурчактын аянты жылдагыдан салыштырмалуу азайышы мүмкүн", — деди Жумалиев.
Ошондой эле ал жазында жүргөн үшүк Чүй, Ысык-Көлдөгү мөмөлөргө терс таасирин тийгизгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0