https://sputnik.kg/20230611/kurmanbek-bakiev-kumtor-boyuncha-sottoldu-1076153349.html
Курманбек Бакиев баш болгон 6 киши Кумтөр боюнча сыртынан кесилди
Курманбек Бакиев баш болгон 6 киши Кумтөр боюнча сыртынан кесилди
Sputnik Кыргызстан
Учурда айыпталуучулардын бардыгы чет мамлекетте, аларга издөө жарыяланган. 11.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-11T15:40+0600
2023-06-11T15:40+0600
2023-06-11T15:40+0600
курманбек бакиев
максим бакиев
кумтөр
соттук чечим
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e7/06/0b/1076151916_0:175:2959:1839_1920x0_80_0_0_d62b31a8a27f5da3e9cc223656d8a7e4.jpg
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон алты киши Кумтөр иши боюнча сырттан эркинен ажыратылды. Маалыматты Биринчи май райондук соту тастыктады.Соттун өкүмү ушул жылдын 1-мартында чыккан, бирок коомчулукка эми белгилүү болууда.Бакиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүмү ("Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген жосун") боюнча айыптуу деп табылып, 10 жылга кесилген. Бирок мурда башка дагы сот чечимдери болгондугуна байланыштуу Бакиев жалпы 30 жылга соттолду. Мындан сырткары, мүлкүн конфискациялоо боюнча бүтүм чыккан.Кумтөр иши боюнча Курманбек Бакиевден башка дагы 6 адам соттолуп, мүлкү конфискацияланат:Учурда айыпталуучулардын бардыгы чет мамлекетте, аларга издөө жарыяланган.
https://sputnik.kg/20230530/sadyr-zhaparov-bakievge-yrayym-beruu-1075783565.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/0b/1076151916_197:0:2928:2048_1920x0_80_0_0_c2930deb574dd5eae669709edc3e8e45.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
курманбек бакиев, максим бакиев, кумтөр, соттук чечим, кыргызстан
курманбек бакиев, максим бакиев, кумтөр, соттук чечим, кыргызстан
Курманбек Бакиев баш болгон 6 киши Кумтөр боюнча сыртынан кесилди
Учурда айыпталуучулардын бардыгы чет мамлекетте, аларга издөө жарыяланган.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон алты киши Кумтөр иши боюнча сырттан эркинен ажыратылды. Маалыматты Биринчи май райондук соту тастыктады.
Соттун өкүмү ушул жылдын 1-мартында чыккан, бирок коомчулукка эми белгилүү болууда.
Бакиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүмү ("Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген жосун") боюнча айыптуу деп табылып, 10 жылга кесилген. Бирок мурда башка дагы сот чечимдери болгондугуна байланыштуу Бакиев жалпы 30 жылга соттолду. Мындан сырткары, мүлкүн конфискациялоо боюнча бүтүм чыккан.
Кумтөр иши боюнча Курманбек Бакиевден башка дагы 6 адам соттолуп, мүлкү конфискацияланат:
Максим Бакиев 13 жылга кесилип, бирок буга чейинки сот чечимдерине ылайык өмүр бою эркинен ажыратылмай болду;
Алексей Елисеев 12 жылга соттолду, бирок ал дагы мурунку иштерине байланыштуу жалпы 30 жылга эркинен ажыратылды;
Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев 10 жылга кесилип, мурунку сот өкүмдөрүнө ылайык, 13 жыл жаза мөөнөтү аныкталды;
финансы министринин мурдагы орун басары Эмирлан Төрөмырзаев 12 жылга эркинен ажыратылды;
мурдагы тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбеков 10 жылга кесилет;
өкмөттүн мурдагы юристи Елена Белковская 9 жылга соттолду.
Учурда айыпталуучулардын бардыгы чет мамлекетте, аларга издөө жарыяланган.