https://sputnik.kg/20230612/ken-kazgan-kompaniyalar-kyzyl-kiteptegi-osumduktordu-zhok-kyluuda-1076168313.html
Усупбаев: кен казган компаниялар Кызыл китептеги өсүмдүктөрдү жок кылууда
Усупбаев: кен казган компаниялар Кызыл китептеги өсүмдүктөрдү жок кылууда
Sputnik Кыргызстан
Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору, өсүмдүк боюнча адис Адилет Усупбаев экология маселесине өлкө башчысы көңүл... 12.06.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-06-12T13:24+0600
2023-06-12T13:24+0600
2023-06-12T13:24+0600
радио
кыргызстан
кен
казуу
экология
кызыл китеп
өсүмдүктөр
адилет усупбаев
https://sputnik.kg/img/07e7/06/0c/1076168418_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_7755a936e7c9bb0ec02b384144c2eac0.jpg
Усупбаев: кен казган компаниялар Кызыл китептеги өсүмдүктөрдү жок кылууда
Sputnik Кыргызстан
Усупбаев: кен казган компаниялар Кызыл китептеги өсүмдүктөрдү жок кылууда
Кен казган компаниялар Кызыл китепке кирген, эндемикалык өсүмдүктөрдү жок кылууда. Бул жаратылыштын, экологиялык системанын бузулушуна алып келерин Адилет Усупбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, кен казган компанияларга лицензия берүүдөгү, экологиялык экспертиза чыгаруудагы процесстерге катуу маани берилиши зарыл.Ошондой эле адис экологиялык көйгөйлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/0c/1076168418_89:0:2818:2047_1920x0_80_0_0_9befba1c851badcd42cafdc24bfeb7e4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кен, казуу, экология, кызыл китеп, өсүмдүктөр, аудио, адилет усупбаев
кыргызстан, кен, казуу, экология, кызыл китеп, өсүмдүктөр, аудио, адилет усупбаев
Усупбаев: кен казган компаниялар Кызыл китептеги өсүмдүктөрдү жок кылууда
Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору, өсүмдүк боюнча адис Адилет Усупбаев экология маселесине өлкө башчысы көңүл буруп, жок кылынып жаткан өсүмдүк, бадал, бак-дарактарды сактап калуу керектигин айтты.
Кен казган компаниялар Кызыл китепке кирген, эндемикалык өсүмдүктөрдү жок кылууда. Бул жаратылыштын, экологиялык системанын бузулушуна алып келерин Адилет Усупбаев
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кен казган компанияларга лицензия берүүдөгү, экологиялык экспертиза чыгаруудагы процесстерге катуу маани берилиши зарыл.
"Кыргызстандын аймагында 4 миңден ашык өсүмдүктүн түрү өсөт, алардын ичинен 83ү Кызыл китепке кирген. Ал эми өсүмдүктөрдүн 10 пайызы эндемикалык деп эсептелет. Бизде "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу аймак жөнүндө" мыйзамдары, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча өкмөттүн токтому, "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамда пайдаланылган жерди кайра калыбына келтирүү деген пунктулар бар. Бирок бүгүнкү күндө кен казуу иштеринде өсүмдүктөрдү коргоо талабы таптакыр сакталбайт. Арасында Кызыл китепке кирген, эндемикалык өсүмдүктөр жок кылынууда. Бул жаратылыштын, экологиялык системанын бузулушуна алып келет. Андыктан кен казган компанияларга лицензия берүүдөгү, экологиялык экспертиза чыгаруудагы процесстерге абдан маани берилиши керек. Коррупциялык көрүнүштөр жок болмоюн бул иш жолго коюлбайт. Мындай көйгөйгө өлкө башчы маани бериши керек", — деди Усупбаев.
Ошондой эле адис экологиялык көйгөйлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин кошумчалады.