00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баткенде курман болгон баатыр Нурсултан Жаныбековдун элеси түбөлүккө калтырылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСтарший лейтенант Нурсултан Жаныбеков
Старший лейтенант Нурсултан Жаныбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Жазылуу
Баатыр Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов мэрияга берген акча шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалары айтылды.
БИШКЕК, 13-июл. – Sputnik. Тажикстандын куралдуу кол салуусундагы кармашта баатырдык менен курман болгон снайпер Нурсултан Жаныбековдун ысымы Нарын шаарындагы Мазар-Булак аймагындагы скверге коюлуп, үй-бүлөсүнүн демөөрчүлүгү менен жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын жоокери, маркум Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугуп, 50 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк кылып, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга арнаган салымын берди.
© Фото / Алмазбек ОмурзаковЧек ара кызматынын "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын жоокери, маркум Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугуп, 50 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк кылып, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга арнаган салымын берди.
Мэр Нарына Канболот Тутуев встретился с Таалайбеком Осоновым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын жоокери, маркум Нурсултан Жаныбековдун атасы Таалайбек Осонов Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев менен жолугуп, 50 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк кылып, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга арнаган салымын берди.
Ал каражат буга чейин Нурсултан Жаныбековдун ысымы коюлган Мазар-Булак аймагындагы сквердин айланасын жарыктандырууга жумшалат. Учурда аталган сквер республикалык түрткү берүүчү гранттык каражаттын эсебинен реконструкцияланып жатат.
Демөөрчү Осонов менен жолуккан калаа башчысы ыраазычылыгын билдирип, мекен чегинде татыктуу кызматын өтөгөн Нурсултандай уулду тарбиялаганын белгиледи. Баатырдын ысымын түбөлүккө калтыруу менен аты коюлган сейил бакты жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттары менен пайдаланууга берип, өнүктүрүүнү сүйлөштү.
2022-жылы Баткен облусундагы чек арадагы куралдуу кармашта 27 жашында баатырларча курман болгон улук лейтенант Нурсултан Жаныбековдун сөөгү 18-сентябрда өзү туулган Нарын районунун Оттук айылында жерге берилген.
Нурсултан мектепте 9-классты аяктаган соң агрардык-экономикалык колледжге окууга тапшырган. Кызмат учурунда "Көк-Айгыр" чек ара кызматынын улук аткычы, "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атары болуп эмгектенген. 2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы №92843 аскер бөлүгүнө аскердик кызматка чакырылган. 2015-жылдын 7-апрелинде кызматын аяктап, Мамлекеттик чек ара кызматынын №2025 аскердик бөлүгүнө кызматка кирген. 2022-жылдын 23-мартында 2054-аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген. Жаныбековдун мекенине кылган кызматы бааланып, президенттин Ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган. Нурсултан үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу болчу.
Эскерте кетсек, Тажикстандын Баткендеги чек ара аймактарына куралдуу кол салуусундагы каргашада 2021-жылы апрель-май айларындагы чек арадагы кандуу жаңжалда 37, 2022-жылдын сентябрындагы кагылышууда 62 кыргызстандык, анын ичинен 42 жоокер курман болгон.
Боздогон эне, атасыз бала. Жүрөктөсүңөр, чек арада шейит кеткен баатырлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Боздогон эне, атасыз бала. Жүрөктөсүңөр, чек арада шейит кеткен баатырлар
Жаңылыктар түрмөгү
0