https://sputnik.kg/20230714/elektr-energiya-shamal-elektr-stanciyasy-1077043331.html
Адис шамал, күн электр станциясын курууга кандай жеңилдик берилерин айтып берди
Адис шамал, күн электр станциясын курууга кандай жеңилдик берилерин айтып берди
Sputnik Кыргызстан
Учурда алгачкы шамал станциясы Балыкчыдан анча алыс эмес жерге салынып жатат. 14.07.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-07-14T15:43+0600
2023-07-14T15:43+0600
2023-07-14T15:43+0600
кыргызстан
шамал
күн
станция
куруу
жеңилдик
эмилбек орозбаев
https://sputnik.kg/img/07e7/07/0e/1077043489_0:152:3036:1860_1920x0_80_0_0_b96e892b526b0ee06165f4e46aa772b5.jpg
Шпигельное название "Жашыл" энергетика модалык тренд эле эмес, электр кубатынын тартыштыгы боюнча көйгөйдү чечүүнүн бир жолу. Бул тууралуу Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев Sputnik радиосуна билдирди.Ал мамлекет энергиянын кайра жаралуу булактарын өндүрүү тармагына кандай стимул берип жатканын жана алгачкы шамал станциясынын курулушу тууралуу айтып берди.Орозбаевдин айтымында, ата мекендик инвесторлор чакан ГЭСтерди курууну артыкчылыктуу деп эсептейт, ал эми чет элдиктер күн жана шамал станцияларына инвестиция салууга кызыкдар. Алардын бири Балыкчыдан анча алыс эмес жерге сала баштаган.Ошондой эле ал парламент инвесторлорго көптөгөн жеңилдиктерди берген энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө мыйзам кабыл алганын кошумчалады."Күн жана шамал генерациясындагы объектилер үчүн жеңилдетилген мөөнөт 20 жылга чейин узартылды, тагыраагы, мамлекет ушул аралыкта электр энергиясын жогорулатылган баада сатып алат. Чакан ГЭСтер үчүн мөөнөт 15 жыл бойдон калды. Анткени алар күнү-түнү иштейт, ал эми шамал жана күн станциялары аба ырайынан көз каранды. Баасы 4 сом 42 тыйынды түзөт. Бул абдан кызыктыруучу тариф, аны Борбор Азияда бир гана Кыргызстан сунуштап жатат", — деди Орозбаев.
https://sputnik.kg/20230626/kyrgyzstanda-chakan-gehs-kuruu-bir-top-zhenildetildi-1076550629.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/0e/1077043489_177:0:2860:2012_1920x0_80_0_0_b3f7e92885f8585fa391841b1f03b681.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, шамал, күн, станция, куруу, жеңилдик, эмилбек орозбаев
кыргызстан, шамал, күн, станция, куруу, жеңилдик, эмилбек орозбаев
Адис шамал, күн электр станциясын курууга кандай жеңилдик берилерин айтып берди
Учурда алгачкы шамал станциясы Балыкчыдан анча алыс эмес жерге салынып жатат.
Шпигельное название "Жашыл" энергетика модалык тренд эле эмес, электр кубатынын тартыштыгы боюнча көйгөйдү чечүүнүн бир жолу. Бул тууралуу Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев Sputnik радиосуна билдирди.
Ал мамлекет энергиянын кайра жаралуу булактарын өндүрүү тармагына кандай стимул берип жатканын жана алгачкы шамал станциясынын курулушу тууралуу айтып берди.
Орозбаевдин айтымында, ата мекендик инвесторлор чакан ГЭСтерди курууну артыкчылыктуу деп эсептейт, ал эми чет элдиктер күн жана шамал станцияларына инвестиция салууга кызыкдар. Алардын бири Балыкчыдан анча алыс эмес жерге сала баштаган.
"Биздин фонд станцияларга жабууларды, тетиктерди алып келүүгө жардам берет. Мындай товарларды бажы төлөмдөрүсүз алып өтүүгө уруксат берген токтом чыккан. Кымбат баалуу жабдууларга компания ири суммада каражат жумшайт. Ушундай эле станцияны Баткен облусуна да куруу пландалууда. Азыркы тапта ал жакта шамалдын ыргагын изилдеп жатышат", — деди адис.
Ошондой эле ал парламент инвесторлорго көптөгөн жеңилдиктерди берген энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө мыйзам кабыл алганын кошумчалады.
"Күн жана шамал генерациясындагы объектилер үчүн жеңилдетилген мөөнөт 20 жылга чейин узартылды, тагыраагы, мамлекет ушул аралыкта электр энергиясын жогорулатылган баада сатып алат. Чакан ГЭСтер үчүн мөөнөт 15 жыл бойдон калды. Анткени алар күнү-түнү иштейт, ал эми шамал жана күн станциялары аба ырайынан көз каранды. Баасы 4 сом 42 тыйынды түзөт. Бул абдан кызыктыруучу тариф, аны Борбор Азияда бир гана Кыргызстан сунуштап жатат", — деди Орозбаев.