https://sputnik.kg/20230812/kyrgyzstan-rossiya-eaehb-migrant-zhumush-1077772487.html
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү — Россиядагы мигранттардын утушу
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү — Россиядагы мигранттардын утушу
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан сегиз жыл мурун ЕАЭБге кирген. Бул чечим биздин Россияда эмгектенген мигранттарга бир катар жеңилдиктерди алып келди. 12.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-12T11:22+0600
2023-08-12T11:22+0600
2023-08-12T11:22+0600
кыргызстан
россия
евразиялык экономикалык биримдик
мигранттар
жумуш
жеңилдик
келишим
уюм
https://sputnik.kg/img/07e7/08/0b/1077768503_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_59969b3b0870053b9980610c4001f321.jpg
Михаил Воробьев2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген. Ошондон бери кыргызстандык мигранттар Россияда уюмга кирбеген башка өлкөнүн жарандарына салыштырмалуу жумушка орношууда, жашоосунда бир катар жеңилдиктерге ээ болушууда.Finexpertizа аудитор-консалтинг тармагынын аналитикалык кызматынын маалыматы боюнча, 2022-жылы Россияга Өзбекстандан (1,45 миллион адам, 41,9 пайыз), Тажикстандан (986,7 миң адам, 28,4 пайыз) жана Кыргызстандан (562 миң адам, 16,2 пайыз) мигранттар жумушка орношуу максатында барган. Бирок кыргызстандыктарды жумушка алуу шарттары жогоруда айтылган эки өлкөнүн жарандарын ишке алуудан айырмаланат.КР жарандары Россияда иштөө үчүн эмгек патентин албайт, демек, аны толтуруу, ал үчүн акча төлөө деген жок. Россиялыктар сыяктуу эле алар эмгек келишиминин негизинде иштей алышат. Мындай келишимди түзүү үчүн кыргызстандык мигранттын паспорту жана миграциялык картасы болушу керек.Кыргызстандыктар Россиянын аймагында жети күндүн ордуна 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Эгерде эмгек келишими бар болсо, алар кошумча документ толтурбай эле өлкөдө ошол келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин жүрсө болот.Кыргызстандын жарандары жумушка орношууда иш берүүчү Россиянын эмгек рыногун коргоо боюнча чектөөлөрдү эске албаганга укуктуу. Бул экономиканын айрым тармактарында чет элдик жумушчулардын бекитилген үлүшүнө ылайык жүргүзүлөт. Мындай шартта КР жарандары эмгек мигранттары деп эсептелинбейт жана жалпы эрежелер менен каттоого алынат.Мындан тышкары, эгерде кыргызстандык жаран миграциялык картасына Россияга келүүсүнүн максатын "жумушка орношуу" дебей, "туризм" деп көрсөткөн болсо деле аны ишке алууга болот. Жумуш берүүчү ИИМге чет элдиктин ишке орношкону тууралуу кабарласа маалымат базасына жана миграциялык картага өзгөрүүлөр кирет.Ошондой эле КР жарандары Россияда өзүн-өзү иш менен камсыздоочу катары иштей алышат.Алар жумушка орношкон соң медициналык милдеттүү камсыздандыруу полисин толтурууга жана анын негизинде медициналык кызматтарды акысыз алууга укуктуу.Кыргызстандыктар үчүн киреше салыгы Россиянын жарандары менен эле бирдей — 13 пайыз. КР жарандарынын Россиядагы эмгек тажрыйбасы пенсияны каттоодо жана аны чегерүүдө эсепке алынат.
https://sputnik.kg/20230602/rossiya-kyrgyzstan-eaehb-migrant-zhumush-myjzam-1075816233.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/08/0b/1077768503_0:384:2219:2048_1920x0_80_0_0_631da72564b32cb8baa5fe0419277ae3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, евразиялык экономикалык биримдик, мигранттар, жумуш, жеңилдик, келишим, уюм
кыргызстан, россия, евразиялык экономикалык биримдик, мигранттар, жумуш, жеңилдик, келишим, уюм
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү — Россиядагы мигранттардын утушу
Кыргызстан сегиз жыл мурун ЕАЭБге кирген. Бул чечим биздин Россияда эмгектенген мигранттарга бир катар жеңилдиктерди алып келди.
2015-жылдын 12-августунда Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген. Ошондон бери кыргызстандык мигранттар Россияда уюмга кирбеген башка өлкөнүн жарандарына салыштырмалуу жумушка орношууда, жашоосунда бир катар жеңилдиктерге ээ болушууда.
Finexpertizа аудитор-консалтинг тармагынын аналитикалык кызматынын маалыматы боюнча, 2022-жылы Россияга Өзбекстандан (1,45 миллион адам, 41,9 пайыз), Тажикстандан (986,7 миң адам, 28,4 пайыз) жана Кыргызстандан (562 миң адам, 16,2 пайыз) мигранттар жумушка орношуу максатында барган. Бирок кыргызстандыктарды жумушка алуу шарттары жогоруда айтылган эки өлкөнүн жарандарын ишке алуудан айырмаланат.
КР жарандары Россияда иштөө үчүн эмгек патентин албайт, демек, аны толтуруу, ал үчүн акча төлөө деген жок. Россиялыктар сыяктуу эле алар эмгек келишиминин негизинде иштей алышат. Мындай келишимди түзүү үчүн кыргызстандык мигранттын паспорту жана миграциялык картасы болушу керек.
Кыргызстандыктар Россиянын аймагында жети күндүн ордуна 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Эгерде эмгек келишими бар болсо, алар кошумча документ толтурбай эле өлкөдө ошол келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин жүрсө болот.
Кыргызстандын жарандары жумушка орношууда иш берүүчү Россиянын эмгек рыногун коргоо боюнча чектөөлөрдү эске албаганга укуктуу. Бул экономиканын айрым тармактарында чет элдик жумушчулардын бекитилген үлүшүнө ылайык жүргүзүлөт. Мындай шартта КР жарандары эмгек мигранттары деп эсептелинбейт жана жалпы эрежелер менен каттоого алынат.
Мындан тышкары, эгерде кыргызстандык жаран миграциялык картасына Россияга келүүсүнүн максатын "жумушка орношуу" дебей, "туризм" деп көрсөткөн болсо деле аны ишке алууга болот. Жумуш берүүчү ИИМге чет элдиктин ишке орношкону тууралуу кабарласа маалымат базасына жана миграциялык картага өзгөрүүлөр кирет.
Ошондой эле КР жарандары Россияда өзүн-өзү иш менен камсыздоочу катары иштей алышат.
Алар жумушка орношкон соң медициналык милдеттүү камсыздандыруу полисин толтурууга жана анын негизинде медициналык кызматтарды акысыз алууга укуктуу.
Кыргызстандыктар үчүн киреше салыгы Россиянын жарандары менен эле бирдей — 13 пайыз. КР жарандарынын Россиядагы эмгек тажрыйбасы пенсияны каттоодо жана аны чегерүүдө эсепке алынат.