https://sputnik.kg/20230928/batken-oblusun-onukturuu-karazhatty-koboytuu-1078971255.html
Баткен облусун өнүктүрүүгө каралган 500 млн. сомду үч эсе көбөйтүү каралууда
Баткен облусун өнүктүрүүгө каралган 500 млн. сомду үч эсе көбөйтүү каралууда
Sputnik Кыргызстан
Долбоорду иштеп чыгууда региондо мезгил-мезгили менен пайда болгон өзгөчө кырдаал эске алынган. 28.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-28T08:57+0600
2023-09-28T08:57+0600
2023-09-28T08:57+0600
саясат
баткен облусу
өнүктүрүү
каражат
көбөйтүү
https://sputnik.kg/img/103978/02/1039780279_0:125:2000:1250_1920x0_80_0_0_44c59be72f152fb4b55368ede0ea8b89.jpg
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Баткен облусун өнүктүрүү үчүн бюджеттен жыл сайын бөлүнө турган 500 миллион сомду үч эсе көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.Бул үчүн "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеленип, Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өттү. Демилгечи депутат — Чыңгыз Ажибаев.Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса жыл сайын облуска 1,5 миллиард сом өлчөмүндө каражат каралат. Ал бюджеттик жылдын биринчи кварталынан кечиктирилбестен бөлүнүп берилет.Долбоорду иштеп чыгууда Баткендин чек арага чектеш аймактарында мезгил-мезгили менен пайда болгон өзгөчө кырдаал эске алынган. Андыктан жергиликтүү калктын туруктуу жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички жана тышкы миграциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарыл экени белгиленген.
https://sputnik.kg/20230927/bishkek-karakol-tez-zhuruuchu-poezd-1078962276.html
баткен облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103978/02/1039780279_430:107:2000:1285_1920x0_80_0_0_03b85087addcb4453b4a4f3ae478ff2e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
саясат, баткен облусу, өнүктүрүү, каражат, көбөйтүү
саясат, баткен облусу, өнүктүрүү, каражат, көбөйтүү
Баткен облусун өнүктүрүүгө каралган 500 млн. сомду үч эсе көбөйтүү каралууда
Долбоорду иштеп чыгууда региондо мезгил-мезгили менен пайда болгон өзгөчө кырдаал эске алынган.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Баткен облусун өнүктүрүү үчүн бюджеттен жыл сайын бөлүнө турган 500 миллион сомду үч эсе көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.
Бул үчүн "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү демилгеленип, Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өттү. Демилгечи депутат — Чыңгыз Ажибаев.
Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса жыл сайын облуска 1,5 миллиард сом өлчөмүндө каражат каралат. Ал бюджеттик жылдын биринчи кварталынан кечиктирилбестен бөлүнүп берилет.
Долбоорду иштеп чыгууда Баткендин чек арага чектеш аймактарында мезгил-мезгили менен пайда болгон өзгөчө кырдаал эске алынган. Андыктан жергиликтүү калктын туруктуу жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ички жана тышкы миграциянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарыл экени белгиленген.