https://sputnik.kg/20231019/sasyk-tumoo-medik-kenesh-1079609286.html
Сасык тумоодон кийин адам кантип тез калыбына келе алат? Дарыгердин кеңеши
Сасык тумоодон кийин адам кантип тез калыбына келе алат? Дарыгердин кеңеши
Sputnik Кыргызстан
Айыккандан кийин уйкуну кандырып, туура тамактанып, кыймылдаган оң. 19.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-19T08:38+0600
2023-10-19T08:38+0600
2023-10-19T08:38+0600
медик
сасык тумоо
кеңеш
оору
иммунитет
россия
https://sputnik.kg/img/07e6/02/01/1061720969_214:74:3072:1681_1920x0_80_0_0_9d5bfe53252ba48375459e7654385dd7.jpg
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Дарыгер Екатерина Кашух сасык тумоодон кийин адам батыраак калыбына келиши үчүн кандай эрежелерди карманышы керектигин түшүндүрдү. Медиктин кеңешин РИА Новости жарыялаган.Адистин айтымында, инфекцияны сөзсүз дарылап, ооруп жаткан учурда дарыгерлердин көрсөтмөсүн так аткаруу кажет. Айыккандан кийин уйкуну кандырып, туура тамактанып, кыймылдаган оң.Эксперттин айтымында, иммундук системаны көтөрүүдө С жана D витаминдери маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан тамакты таптап жеп, суюктукту көп ичүү сунушталат. Себеби сасык тумоо организмди кургатып жиберет."Суу жылуу, таза болушу керек. Ага лимон же жемиш кошуп ичсеңиз болот. Чөп чайлар да пайдалуу (бирок аны этияттап ичкен туура)", — деген Кашух.Медик кан айланууну жакшыртуу үчүн кол-бутка массаж жасоо керектигин кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20231002/daryger-sasyk-tumoo-ooru-den-sooluk-terapevt-1079073131.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/02/01/1061720969_216:0:2947:2048_1920x0_80_0_0_d23408f9ae20518ebc8a362dbebd86b7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
медик, сасык тумоо, кеңеш, оору, иммунитет, россия
медик, сасык тумоо, кеңеш, оору, иммунитет, россия
Сасык тумоодон кийин адам кантип тез калыбына келе алат? Дарыгердин кеңеши
Айыккандан кийин уйкуну кандырып, туура тамактанып, кыймылдаган оң.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Дарыгер Екатерина Кашух сасык тумоодон кийин адам батыраак калыбына келиши үчүн кандай эрежелерди карманышы керектигин түшүндүрдү. Медиктин кеңешин
РИА Новости жарыялаган.
Адистин айтымында, инфекцияны сөзсүз дарылап, ооруп жаткан учурда дарыгерлердин көрсөтмөсүн так аткаруу кажет. Айыккандан кийин уйкуну кандырып, туура тамактанып, кыймылдаган оң.
"Илдеттен арылары менен дароо спорт менен машыгып кетпей акырындан кыймылдап баштаган туура. Маселен, таза абада басып, йоганын жеңил кыймылдарын жасаса болот", — деген медик.
Эксперттин айтымында, иммундук системаны көтөрүүдө С жана D витаминдери маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан тамакты таптап жеп, суюктукту көп ичүү сунушталат. Себеби сасык тумоо организмди кургатып жиберет.
"Суу жылуу, таза болушу керек. Ага лимон же жемиш кошуп ичсеңиз болот. Чөп чайлар да пайдалуу (бирок аны этияттап ичкен туура)", — деген Кашух.
Медик кан айланууну жакшыртуу үчүн кол-бутка массаж жасоо керектигин кошумчалаган.
2 Тогуздун айы 2023, 08:35