00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

КР ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколун ратификациялады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
Жазылуу
Документ протоколдун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, документ ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.
Протокол электрондук кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөнүн улуттан жогорку механизмин бекитүүгө багытталган:
кызмат көрсөтүүнү керектеген жер боюнча КНСти баруучу өлкөнүн принцибине окшоштуруп төлөө;
салык төлөөчүнү керектөөчү өлкөдө интернет аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каттоого коюу же шарттуу каттоо;
кыйыр салыктарды алуу тартиби жана товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө алардын төлөнүшүн контролдоо механизми жөнүндө протоколдун айрым жоболоруна техникалык оңдоолорду киргизүү.
Протоколго ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында электрондук формадагы кызмат көрсөтүүлөрдү трансчек аралык сатып алууда КНС салыгы сатып алуучунун жайгашкан жери боюнча жүргүзүлөт. Мурда мындай жалпы жолу болгон эмес, бул кош салык салууга, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринде да мындай коммерциялык ишке салык салынбаган жагдайга алып келгени айтылды.
"Документ ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында сатып алуучуларга электрондук формада кызмат көрсөткөн салык төлөөчүлөрдүн КНС төлөөчү катары аралыктан, жөнөкөйлөтүлгөн форматта электрондук декларация тапшыруу жана салык төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат", — деп айтылат маалыматта.
Электрондук формада кызмат көрсөтүүдө эсепке коюунун (эсептен чыгаруунун) тартиби, салыктык база, КНСтин ставкалары, КНСти эсептөөнүн тартиби жана төлөөнүн мөөнөттөрү, салыктык жеңилдиктер, КНСтин ашыкча төлөнгөн суммаларын кайтарып берүү, эсепке алуунун тартиби мүчө мамлекеттин мыйзамдары менен аныкталары белгиленген.
Жүз долларлык купюралар. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2023
ЕАЭБде соода жүгүртүү жыл аягына чейин 100 млрд. долларга жетери болжолдонду
Жаңылыктар түрмөгү
0